МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№10 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемасын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4 жана 5-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
11-беренесинин 3-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Президентинин
2011-жылдын 22-декабрындагы № 29 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облусттарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгынын
2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемасы жана чек аралары бекитилсин (тиркелет).

2. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары 2012-жылдын 22-январына чейин “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул   токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                             Т.Абдраимов

Бишкек ш., 2012-жылдын 18-январы

№ 10

Карап чыгуулар: (2223)