![]() Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жерлерде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө |
Кыргыз республикасынын Президентинин 2010-жылдын 9-августундагы № 93 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 69-беренесинин 3-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2010-жылдын 10-октябрына дайындалган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жерлерде даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 7 686 500 (жети миллион алты жүз сексен алты миң беш жүз) сом бекитилсин (смета тиркелет). 2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Ж. Абдыкалыковага жүктөлсүн.
ТӨРАГА А. САРИЕВ Бишкек ш. 2010-жылдын 28-августу № 285а |
Карап чыгуулар: (1422) |