№426 Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын жана шаарлардын мэрлерин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 22-декабрындагы ПЖ № 29 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгынын 2, 3-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө” 2011-жылдын 27-декабрындагы № 420, “Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө” 2011-жылдын 27-декабрындагы № 421, “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин кайрадан шайлоону дайындоо жөнүндө” 2011-жылдын 27-декабрындагы № 422, “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата, Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарларынын мэрлерин кайрадан шайлоону дайындоо жөнүндө” 2011-жылдын 27-декабрындагы № 425 токтомдоруна ылайык, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 11,12-пункттарын, 25-беренесинин 2, 3, 6, 7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын 4-мартына дайындалган, Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын, 2012-жылдын 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы бекитилген сметага ылайык каржылоону жүргүзсүн. 3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Т.Д.Абдраимовго жүктөлсүн.
Төрага Т.Абдраимов Бишкек ш., 2011-жылдын 27-декабры № 426 |
Карап чыгуулар: (1686) |