МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо үчүн атайын кагаздардын коргоо даражасын бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тыгыздыгы 80 гр., кызыл, жашыл коргоочу жипчелери жарыкта көрүнгөн, көгүлтүр, саргыч жарыкта көрүнбөй ультрафиолетте чагылдырылганда көрүнгөн, жекече эксклюзивдик белгилери күндүн жарыгында көрүнүп, “КР БШК” жазуусу улам кайталанып турган атайын кагаздын коргоо даражасы бекитилсин.

2. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын. 

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шаимкуловага жүктөлсүн.

 

 Төрага                                                                                 Т.Абдраимов

Бишкек ш., 2011-жылдын 10-августу

№ 96

 

Карап чыгуулар: (1418)