МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - Шайлоолор - Президентти шайлоо
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча БШКнын кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын жарандарына, саясый партияларынын өкүлдөрүнө, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомдук бирикмелеринин өкүлдөрүнө кайрылуусу

 

Урматтуу жарандар, саясый партиялардын өкүлдөрү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү! 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14-июнундагы № 1681-VI токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо2017-жылдын 15-октябрына дайындалды.

Көрсөтүлгөн Токтом менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (Борбордук шайлоо комиссиясы) шайлоо мыйзамдарына ылайык шайлону эркин, адилет жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылган.

Кыргыз Республикасында шайлоолор тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү аркылуу өткөрүлөт жана республиканын жарандарынын өздөрүнүн шайлоо укуктарын эркин жана ыктыярдуу ишке ашыруусуна негизделет.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо үчүн Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы шайлоо округу болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде жашаган же жүргөн шайлоочулар шайлоо округуна катталган болуп эсептелишет жана шайлоо укугунан пайдаланышат.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан камсыздалат жана алар Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен консулдук мекемелеринин аймагында гана добуш беришет.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо автоматтык эсептөөчү урналар (АЭУ) да пайдаланылат, алар бюллетендерди жапырт салуу жана саноодогу так эместиктердин болушу ыктымалын жокко чыгарат. АЭУ пайдалануу, маалыматтарды участкалардан Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине түз жиберүүнү камсыздайт жана бул добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын ыкчам аныктоого мүмкүндүк берет.

Эскерте кетсек, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзам) 22-беренесинин 2-пунктуна ылайык шайлоочуларды кабарландырууну мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар жүзөгө ашырат.

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары жарандарды өз убагында жана так кабарландыруу үчүн жоопкерчилик тартат.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар!

Жалпыга бирдей шайлоо укугунун принциптерине ылайык, Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышууга жана добуш берүүгө укуктуу.

Шайлоочулардын укуктарын ишке ашыруу, шайлоочуларды өзү жөнүндө маалыматтары менен тааныштыруу, ошондой эле добуш берүүнү өткөрүү максатында ар бир шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмеси түзүлөт.

Добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүүгө укуктуу. Шайлоочулардын тизмелерине шайлоо күнүндө жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон жана “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.Шайлоочулардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (мындан ары – Мамлекеттик каттоо кызматы) шайлоочулардын маалыматтарынын – алардын биометрикалык жана жеке маалыматтарынын негизинде шайлоочуларды эсепке алуу системасын пайдалануу менен түзөт.

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар бул процедурадан жашаган жериндеги Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарында биометрикалык каттоо пункттарынын дарегине барып өтө алышат.

Азыркы учурда калкты тейлөө пункттардын баардыгында жана паспорт-визалык каттоо бөлүмдөрүндө биометрикалык паспорттор акысыз берилип жатат жана жарандарды бул кызматтан пайдаланууга чакырабыз. Эскертебиз, шайлоочуларды биометрикалык маалыматтары боюнча идентификациялоо - башка шайлоочу үчүн добуш берүүгө жана шайлоонун жыйынтыгын жасалмалоого жол берүүнү жокко чыгарат.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүн www.shailoo.srs.kg порталынан шайлоочулардын тизмесинен текшере алышат же Мамлекеттик каттоо кызматынын чалуу-борборуна 119 номери аркылуу кайрылышса болот (чалуу акысыз).Мындан тышкары, добуш берүү күнүнө 60 күн калганда, б.а. 2017-жылдын 16-августуна чейин шайлоочулардын алдын ала тизмелери шайлоо участокторуна илинет, ошол жерден өзүңөр жөнүндө маалыматтарды тактасаңар болот.

Ката же так эместиктер бар болсо же шайлоочулардын алдын ала тизмесинде жок болсоңуз Сиз добуш берүүчү күнгө чейин 15 календарлык күн мурда, б.а. 2017-жылдын 30-сентябына чейин тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен (№ 3 форма боюнча), ID-картанын көчүрмөсүн тиркөө менен кайрылууга укуктуусуз.Участкалык шайлоо комиссиясы ал арызды токтоосуз Борбордук шайлоо комиссиясынын тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясындагы системалык администраторуна, тизмеге киргизүү, каталарды же так эместиктерди оңдоо боюнча тийиштүү чара көрүү үчүн жана Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарына карап чыгуу үчүн өткөрүп берет.

Добуш берүү күнү туруктуу дарылоочу-профилактикалык мекемелерде, шектүү жана айыпталуучу катары камакта кармоочу жайларда болгон шайлоочулар жөнүндө маалыматтар аталган мекемелердин жетекчилери тарабынан түзүлөт жана аларды Мамлекеттик каттоо кызматына жана тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2017-жылдын 3-октябрына чейин өткөрүп берүүгө тийиш.

Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде  жашаган жана жүргөн, консулдук каттоого турган жана биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулар жөнүндө маалыматтар тийиштүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин жетекчилери тарабынан жүргүзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (Тышкы иштер министрлиги) аркылуу, добуш берүү күнүнө чейин 80 календарлык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2017-жылдын 27-июлуна чейин Мамлекеттик каттоо кызматына өткөрүлүп берилет.

Ошондой эле ар бир шайлоочу шайлоочулардын тизмеси менен таанышкан учурдан тартып добуш берүү күнгө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2017-жылдын 30-сентябрына чейин, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун (ID-карта) көчүрмөсүн, ал эми Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде жашаган же жүргөн адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун же Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун (ID-картанын) көчүрмөсүн тиркөө менен шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына белгиленген үлгүдөгү (№ 2 форма)  арыз менен кайрылууга укуктуу.

Ал арыз токтоосуз Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарына берилет, ал органдар шайлоочуну шайлоо дареги боюнча шайлоо участогундагы шайлоочулардын тизмесине киргизүүгө милдеттүү жана ал жөнүндө шайлоочуну, ал шайлоо дареги боюнча шайлоо участогундагы шайлоочулардын тизмесине киргизилген күндөн тартып 2 календардык күндөн кечиктирбестен кабарлайт.

Шайлоочулардан алар шайлоочулардын тизмесинде жок экендиги жөнүндө, тизмедеги ката же так эместик жөнүндө, шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күн калганда, б.а. 2017-жылдын 30-сентябрынан тартып токтотулат.   

Добуш берүү күнүнө чейин 20 календарлык күн калганда, б.а. 2017-жылдын 24-сентябрынан тартып участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын контролдук тизмелерин таанышуу үчүн илүүгө милдеттүү.

Добуш берүү күнүнө чейин 3 календарлык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2017-жылдын 12-октябрына чейин участкалык шайлоо комиссиялары шайлоо участогунда тийиштүү шайлоо участогундагы шайлоочулардын биротоло тизмелеринин кагаз нускасын илүүгө милдеттүү.

Шайлоочуларга өзүн шайлоочулардын тизмесинен текшерүүнүн жол-жоболору, мөөнөттөрү жана зарылдыгы жөнүндө толук маалымдоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет- басылмалар менен бирдикте “Өзүңдү шайлоочулардын тизмесинен текшер” деген темада туруктуу негизде маалыматтык өнөктүк өткөрүп турат.

 

Урматуу Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партияларынын өкүлдөрү!

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти болуп 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуп 30 миңден кем эмес шайлоочунун колтамгасын топтогон адам каттала алат.

Мамлекеттик тилди билүү деңгээли мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификат менен ырасталат. Мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификатты мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо чөйрөсүндөгү мекеме же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тестирлөөнүн жыйынтыгынын негизинде берет.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамга ылайык, Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күнү башталат жана шайлоого 75 календарлык күн калганда, б.а. 2017-жылдын 1-августуна чейин токтотулат.

Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга, ошондой эле шайлоо дайындалгандыгы жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө карата белгиленген тартипте катталган саясий партияларга таандык.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги катталган саясий партиялардын тизмесин шайлоо дайындалгандыгы жөнүндө чечим күчүнө кирген күндөн тартып 3 календарлык күндөн кечиктирбестен түзөт, б.а. 2017-жылдын 18-июнуна чейин тизменин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоочу булактарга ар бир саясый партиянын жетекчисин көрсөтүү менен жарыялоону камсыздайт жана ушул эле мөөнөттө ал тизмени Борбордук шайлоо комиссиясыне жиберет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү саясий партия тарабынан анын уставында каралган тартипте жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө коституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык ишке ашырылат.

Саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуп көрсөтүлүүгө  макулдугу жөнүндө арызды (арыздарды) тиркөө менен саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына басма түрүндө берилет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуп чыгуу ниети жөнүндө арыз берүү жолу менен ишке ашырылат.

Президенттин кызмат ордуна талапкер көрсөтүлгөндөн кийин шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн 5 календарлык күндүн ичинде өзүнүн шайлоо фондун Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте түзөт. Шайлоо фонддорунун каражаттары шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга гана пайдаланылышы мүмкүн.

Президенттин кызмат ордуна талапкер 30 миңден кем эмес шайлоочулардын колу менен колдоого алынууга тийиш.  Кол топтоо Президенттикке талапкерлер көрсөтүлгөн күндөн башталат жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан уюштурулат. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамга ылайык кол топтоонун тартиби жана кол коючу барактын формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.

Президентикке талапкерди колдоп кол топтоо боюнча кол коюлган барактарды ыйгарым укуктуу өкүлдөр шайлоо болуучу күнгө чейин 50 календарлык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2017-жылдын 26-августуна чейин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышат, ал 10 күндүк мөөнөттө каттоо кызматтарынын кызматкерлерин ишке тартуу менен колдордун аныктыгын текшерет. Кол коюлган барактарды кабыл алууда Борбордук шайлоо комиссиясы ар бир кол коюлган баракты мөөр менен күбөлөндүрөт жана кол коюлган барактар кабыл алынгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастама берет.

Катталуу үчүн Президенттин кызмат ордуна талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо күнүнө чейин 45 календарлык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2017-жылдын 31-августунда саат 24.00гө чейин Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкүдөй документтерди тапшырат:

1) өзүн өзү көрсөтүү жөнүндө арыз же Президенттин кызмат ордуна талапкер болууга макулдук жөнүндө арызды (арыздарды) тиркөө менен талапкерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечиминин протоколу;

2) өмүр-баянынын маалыматтарын көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалыматтардын формасы;

3) паспорттун көчүрмөсү;

4) иштеген же окуган жеринен маалымкат; 

5) Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамда каралган шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти;

6) мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификат.

Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде Президенттин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү тартибинин Конституциянын жана ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына шайкештигин текшерет жана каттоону жүзөгө ашырат же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарат.

Мында, эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринен аны каттоо үчүн тоскоол болуучу дал келбестиктерди тапса, документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы ушул дал келбестиктер жөнүндө талапкерге же саясий партияга кабарлайт. Талапкер же саясий партия кабарландыруу алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо шайлоого 35 календарлык күн калганда же б.а. 2017-жылдын 10-сентябрына чейин токтотулат.

Борбордук шайлоо комиссиясы каттагандан кийин 2 календардык күндүн ичинде, катталган күнүн көрсөтүү менен талапкерлерге тиешелүү ырастама берет.

Соттолгондугу алып салынбаган же мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна шайланууга укуксуз. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин саны чектелбейт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоодо жарандарга жана саясий партияларга жардам көрсөтүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы атайын семинарларды уюштурат:

-Президенттин кызмат ордуна талапкерлер жана анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн шайлоого катышууга байланыштуу маселелер – Президенттин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү, каттоо, шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежеси, шайлоодогу талаштарды чечүү жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышууга тиешелүү башка маселелер боюнча;

- Президенттин кызмат ордуна талапкерлер же анын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн – шайлоо фонддорун түзүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылоонун эрежесин сактоо маселелери боюнча.

Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамда референдумду даярдоону жана өткөрүүнү, жарандардын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуу укугун ишке ашырууну жана коргоону төмөнкүлөр ишке ашырат:

-Борбордук шайлоо комиссиясы;

-аймактык (райондук, шаардык) шайлоо комиссиялары (мындан ары – аймактык шайлоо комиссиялары);

-участкалык шайлоо комиссиялары.

Аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын тизмелерин тактоо боюнча биринчи кезектеги чараларды кабыл алууга тийиш, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуунун тартиби жана добуш берүүнүн жол-жобосу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.

2017-жылдын 1-августуна чейин ар бир шайлоо участогунда 2500дөн ашык эмес шайлоочу болот деген эсепте аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу шайлоо участокторунун схемаларын жана чектерин бекитет.

Кыргыз Республикасынын Президентин чет өлкөлөрдө  шайлоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары шайлоо участоктору жана шайлоо комиссиялары түзүлөт.

2017-жылдын 6-августуна чейин Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо участокторун алардын чек араларын жана даректерин көрсөтүү менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.

Участкалык шайлоо комиссиялары шайлоо күнүнө чейин 60 календардык күн мурда, б.а 2017-жылдын 16-августуна чейин шайлоочулардын алдын ала тизмелерин илүүсү зарыл жана добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күн мурда, б.а. 2017-жылдын 24-сентябрына чейин шайлоочулардын контролдук тизмелерин шайлоочулардын таанышуусу үчүн илүүсү зарыл.

Участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүү күндөн 2 күн мурда, б.а. 2017-жылдын 13-октябрына чейин добуш берүү жайынан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздарын берген шайлоочулардын реестрин да илишет.

Эскертебиз: добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2017-жылдын 5-октябрына чейин участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочуларга добуш берүүнүн убактысы жана жайы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башка ыкма менен маалымдашат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын Окутуу жана шайлоо процессинин катышуучулары менен өз ара аракеттенүү борбору, ошондой эле Шайлоо технологиялары борбору өзүнчө план жана график боюнча аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана АСУ операторлору үчүн, анын ичинде чет өлкөлөрдө түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн да окутуучу тренингдерди өткөрөт.

Ошондой эле, Шайлоо комиссиялары жөнүндө Мыйзамга ылайык шайлоо комиссиялары өз иштерин: мыйзамдуулук, ачыктык, айкындык, көз каранды эместик, коллегиялуулук, адилеттүүлүк принциптеринде жүргүзүшөөрүн эске салабыз жана аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо ушул принциптерди карманууга чакырабыз.

Урматтуу Кыргыз Республикасынынмамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери!

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамга ылайык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга төмөнкүдөй көмөк көрсөтүүгө милдеттүү:

-керектүү жабдууларды, транспорт каражаттарын берүүгө;

- бөлмө-жайларды берүүгө, анын ичинде технологиялык жабдууларды (стенддер, ящиктер, добуш берүү үчүн кабиналарж.б.), жогору турган шайлоо комиссиясына же архивге өткөрүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүбоюнча документтерди берүүгө, ошондой эле алардын кайтарылышын камсыздоого;

- үзгүлтүксүз телефондук, интернет байланыштар, электр (электр менен камсыздоо системасында альтернативдүү булак болууга тийиш), жылуулук менен камсыздоого;

-  керектүү маалыматтарды жана материалдарды берүүгө;

-шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярданууга жана өткөрүүгө байланыштуу суроолоруна кечиктирбестен жооп берүүгө, зарыл болсо тийиштүү маселени 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берилип жаткан жана андан кийинки күндө - дароо кошумча изилдөөгө же текшерүүгө.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 29-беренесинин 5-пунктуна ылайык добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүү болушу керек. Пандустардын жана кармоочтордун болгону ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш бериши үчүн орун жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоочу кылуучу ыкмалардын бири болот.

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин тактоо, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуунун тартиби жана добуш берүү жол-жобосу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө жардамдашууга милдеттүү.

Үгүт мезгилинде, 2017-жылдын 10-сентябрынан 13-октябрына чейин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды, ачык дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштуруудабирдей шартта жардам көрсөтүүгө, массалык иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыздоого милдеттүү.

Ошондой эле көпчүлүк катышкан иш чараларды өткөрүүгө жарактуу жана мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын балансында турган орун- жайлар шайлоо комиссияларынын арыздары боюнча талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, алардын ишенимдүү адамдарынын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн шайлоочулар менен жолугушуусу үчүн шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген убакта акысыз пайдаланууга берилет. Мында шайлоо комиссиялары көпчүлүк катышкан иш чараларды өткөрүүдө талапкерлерге, саясий партияларга тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү.

Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштары боюнча шайлоо дайындалганга чейин 10 календарлык күндүн ичинде, б.а. 2017-жылдын 24-июнуна чейин ар бир участоктун аймагында басма үгүт материалдарды жайгаштыруу үчүн атайын орундарды бөлүп жана жасалгалоого милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге андай материалдарды жайгаштырууда бирдей шарттар камсыздалууга тийиш.  

 

Урматтуу жарандар, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү!

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына шайлоо өткөрүүдө мамлекет тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үгүттү эркин жүргүзүү камсыздалат.

Шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо мөөнөтү бүткөндөн кийин, б.а. 2017-жылдын 10-сентябрында башталат жана добуш берүүгө чейин 24 саат мурда, б.а. 2017-жылдын 14-октябрында саат 08:00дө токтотулат. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге жалпыга маалымдоо каражаттарынан пайдаланууга бирдей шарттар кепилденет, ошондой эле алар өзүнүн жалпыга маалымдоо каражаттары, Интернет-басылмалар аркылуу үгүт жүргүзүүнүн формасын жана мүнөзүн өз алдынча аныктоого укуктуу. Үгүт жүргүзүүнүн формалары жана ыкмалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык болууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоо алдындагы үгүтткө катышууну пландаштырган жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар обо убакыт бергендик үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары, басма аянты же жарыялоо укугу жөнүндө маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясына коштоочу кат менен, шайлоону дайындоо жөнүндө чечим жарыялангандан кийин 20 календарлык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2017-жылдын 4-июлуна чейин берүүгө  тийиш.

Эскерте кетсек, обо убактысын берүүнүн, мезгилдүү басма сөздө же интернет-басылмада жарыялоо үчүн акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер үчүн бирдей болууга тийиш жана акы төлөнүүчү обо убактысынын, мезгилдүү басма сөздөгү же интернет-басылмадагы баа шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашышы мүмкүн эмес.

Берилген маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн расмий сайтына жалпыга маалымдоо үчүн 2017-жылдын 9-июлуна чейин жарыялайт. Ушул ченемдерди 2017-жылдын 4-июлуна чейин аткарган жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредиттелишет. Мында жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар шайлоо мыйзамдарын бузушса  Борбордук шайлоо комиссиясыалардын аккредитациясын кайра алып коюуга укуктуу.

Шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууга: шайлоочуларга акча каражаттарын төлөп берүүгө; шайлоочуларга белектерди жана башка баалуулуктарды тапшырууга; товарларды жеңилдетилген баада сатып өткөрүүнү жүргүзүүгө; Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилүүчү тизмекке ылайык талапкердин сүрөтүн, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын басылма үгүт материалдарын, алардын энбелгилерин камтыган төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн ороочторду кошпогондо, кандай гана болбосун товарларды бекер таркатууга; ошондой эле акысыз же жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүүлөргө тыюу салынат.

Талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайы, саясый партиялардын талапкерлеринин өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин кайрымдуулук иштерди жүргүзүүгө укугу жок.

Бардык басылма жана башка үгүт материалдары, басылма үгүт материалдарын даярдаган уюмдун аталышын жана дарегин (адамдардын фамилиясын, атын, атасынын атын жана жашаган жеринин дарегин), үгүт материалдарын даярдоого тапшырык берген адамдын (уюмдун аталышын), фамилиясын, атын, атасынын атын, алардын нускасы жана чыгарылган күнү жөнүндө маалыматты, ошондой эле тапшырык акысын төлөгөн талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атын, атасынын атын камтышы керек. Көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдарын таратууга тыюу салынат.

Үгүт материалдарын эстеликтерге, эстелик мамыларга жана тарыхый, маданий же архитектуралык баалуулугу бар имараттарга, ошондой эле шайлоо комиссияларынын орун жайларына, алардын кире бериш жерлерине жана добуш берүүчү жайларга жайгаштырууга тыюу салынат.

Үгүт материалдарын жайгаштыруу максатында жашыл өсүмдүктөрдү, бак-дарактарды, тоонун боорлорун жана чокуларын жана дөбөлөрүн, башка табигый дөңсөөлөрдү кандай болбосун түрдө пайдаланууга жол берилбейт.

Добуш берүүчү күнгө чейинки соңку 5 күндө, б.а. 2017-жылдын 10-октябрында саат 08:00дөн тартып жана добуш берүү күнү жалпыга маалымдоо каражаттарына коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын, шайлоонун божомолдорун, шайлоого байланыштуу башка изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жарыялоого болбойт.

Эскертебиз, Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги кыянат пайдаланууга жол берилбейт: улуттук, этностук, расалык, диндик, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды, басмырлоолорго, кастыкка чакырууларды үгүттөөгө; же бийликти басып алуу, конституциялык түзүлүштү зомбулук менен өзгөртүү жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу чакырыктарын; согушту үгүттөөгө; башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөттөрүн пайдалануу менен фото- жана көрмө материалдарды пайдаланууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянат пайдалануунун башка тариздерине тыюу салынат.

Шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышын көзөмөлдөйт. Укук коргоо органдары шайлоо комиссияларына жалган жасалма аудио-видео жана мыйзамсыз даярдалган басылма жана башка үгүт материалдарды жасоону болтурбоо жана аларды алып коюу, ошондой эле андай материалдарды жасоочуларды жана алардын акысын төлөөнүн булактарын аныктоо боюнча көмөк көрсөтүүгө тийиш.

Ачык-айкындыкты камсыздоо жана шайлоо стандарттары боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштуруу жана өткөрүү учурунда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзам менен талапкерлердин, саясий партиялардын, коомдук уюмдардын байкоочуларына, эл аралык байкоочуларга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына шайлоого даярдыктын жана өткөрүүнүн жүрүшүн байкоого алуу үчүн мүмкүндүк берилет.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамда талапкерлердин, саясий партиялардын, коомдук уюмдардын байкоочуларынын, эл аралык байкоочулардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн укуктары жана милдеттери, ошондой эле аларды дайындоонун жана аккредиттөөнүн тартиби толук баяндалган.

Шайлоону маалыматтык чагылдырууну жакшыртуу жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежеси менен толук тааныштыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнчө план жана график боюнча окутуучу семинарлар менен тренингдердин сериясын өткөрөт.

 

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялардын өкүлдөрү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү!

Шайлоо системасындагы реформа таза, эркин, демократиялык шайлоо өткөрүү жана ар бир шайлоочунун добушун туура эсепке алуу үчүн баардык зарыл шарттарды түздү.

Шайлоону уюштуруучулардын деңгээлинде, б.а. баардык деңгээлдердеги шайлоо комиссияларында жаңы технологиялардын киргизилиши менен шайлоого катышууну жана добуш берүүнүн жыйынтыгын жасалмалоо мүмкүндүгү толугу менен жокко чыгарылды.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо бул технологияларды пайдалануу жалпы улуттук добуш берүү процессин таза жана ачык-айкын кылуу үчүн дагы бир маанилүү кадам болмокчу, мында өлкөбүздүн ар бир жаранынын добушу эсепке алынат жана туура саналат.

Борбордук шайлоо комиссиясы алдыда турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону мыйзамга ылайык өткөрүү максатында шайлоонун баардык уюштуруучуларын жана катышуучуларын мыйзамдын ченемдерин катуу сактоого, шайлоонун башка катышуучуларын өз ара сыйлашууга жана сабырдуу болууга чакырат.

Саясий партияларды Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жүрүшүндө таза атаандашууга, мамлекетте демократияны, тынчтыкты чыңдоого  салым кошууга жана өзүнүн талапкерлери жөнүндө маалыматты ар бир шайлоочуга жеткирүүгө чакырабыз.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн ишин мыйзамдуулуктун, ачык-айкындыктын, көз каранды эместиктин жана адилеттүүлүктүн принциптериндежүргүзүү менен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуучулардын баарысы үчүн эшиги ачык. 

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого байланыштуу пайда болгон баардык суроолор боюнча Сиздер аймактык, участкалык шайлоо комиссияларына жана Борбордук шайлоо комиссиясынын Бишкек жана Ош шаарларында уюштурулган коомдук кабылдамаларына төмөндө көрсөтүлгөн даректери жана телефондору аркылуу кайрылсаңыздар болот:

Бишкек шаары, Разаков көчөсү 59, 101-кабинет, тел.   + (996 312) 66 02 40; Ош шаары, Ленин көчөсү 221,  №9 кабинет, тел. + (996 3222) 5 55 50.

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

Карап чыгуулар: (1108)