Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларга маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө” ЖОБО |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 19-июлундагы № 36 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларга маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө” ЖОБО
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) алдындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топтун (мындан ары – Жумшчу топ) иш-аракетинин тартибин жана формасын аныктайт. Жумушчу топ “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 23-пунктуна, 6-беренесинин 5, 6-пункттарына ылайык түзүлөт. Жумушчу топ өзүнүн иш-аракетинде “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана ушул Жобону жетекчиликке алат. Жумушчу топтун сандык курамы бештен кем эмес кишиден болушу керек. Жумушчу топтун копетенциясына: - Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат саясатын аныктоо; - малыматтык материалдардын (теле жана радио роликтер, баннерлер, теле жана радио берүүлөр) тематикасын иштеп чыгуу; - маалыматтык материалдарды (теле жана радио роликтер, баннерлер, теле жана радио берүүлөр) даярдоочулар менен келишимдерди түзүү; - Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат материалдарын чогултуу жана системалаштыруу кирет. Жумушчу топтун жыйналышын зарылчылыгына жараша Жумушчу топтун жетекчиси чакырат. Жумушчу топтун жыйналышы коллегиалдуу жүргүзүлөт. Жумушчу топтун жыйналышы, эгерде ага Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн белгиленген санынан жарымынан көбү катышса укук ченемдүү болуп эсептелет. Жумушчу топтун жыйналышы анын копетенциясына кирген маселелерди ачык талкуулоонун негизинде жүргүзүлөт. Жумушчу топтун жыйналышына жумушчу топтун мүчөсү болуп эсептелбеген Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, аппарат жетекчиси, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери катышууга жана өздөрүнүн пикирин айтууга укуктуу. Жумушчу топтун ишмердүүлүгүн камсыздоону Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты жүргүзөт. Ишке тартылган адистерге шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сый акы төлөнүшү мүмкүн.
|
Карап чыгуулар: (2238) |