МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын Жоболору
Центральная избирательная комиссия

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоонун тартиби жөнүндө ЖОБО

Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2016-жылдын 20-октябрындагы

№ 163 токтому менен бекитилген

 

 

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоонун тартиби жөнүндө

 

ЖОБО

 

1. Жалпы жоболор 

2. Шайлоо бюллетендерин даярдоо

3. Шайлоо бюллетендерин төмөн турган шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү

4. Шайлоо бюллетендерин сактоо

 

1. Жалпы жоболор

1.1. “Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоонун тартиби жөнүндөгү ушул Жобо (мындан ары – Жобо) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоонун тартибин аныктайт.  

1.2. Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларынын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (андан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) актыларынын талаптарына ылайык иштелип чыккан.

1.3. Шайлоо бюллетени жооптуу отчеттук документ болуп саналат, анын формасы жана сактоо даражасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат. Шайлоо бюллетендеринин саны катталган шайлоочулардын санынан 0,1 пайыздан ашык болбоого тийиш.

1.4. Жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетендеринин тексти жана формасы аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күндөн кечиктилибестен бекитилет. Шайлоо бюллетенинин тексти анын бир бетине гана жайгаштырылууга тийиш.

1.5. Мажоритардык система боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо бир шайлоо бюллетени даярдалып, аларда талапкерлердин фамилиялары, аты-жөндөрү кошумча көрсөтүлөт.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорционалдуу система боюнча шайлоодо шайлоо бюллетенинде саясий партиялардын аталыштары чүчүкулак менен белгиленген кезекте кошумча көрсөтүлөт.

1.6. Шайлоо бюллетенинде ага шайлоо жүрүп жаткан органдын аталышы, шайлоо округунун аталышы жана номери же бирдиктүү шайлоо округу жөнүндө көрсөтмө камтылууга тийиш.

1.7. Ушул Жобонун 1.5.-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн талапкерлердин, саясий партиялардын аталыштары жөнүндө маалыматтардын оң жагына бош квадратка жайгаштырылат. Талапкерлердин тизмесинин аягында анын оң жагына бош квадратты жайгаштыруу менен "Бардык талапкерлерге каршы" ("Бардык талапкерлердин тизмелерине каршы") деген сап жайгаштырылат.

 

2. Шайлоо бюллетендерин даярдоо

2.1. Шайлоо бюллетендери добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен мамлекеттик жана расмий тилдерде басылат. Ар бир шайлоо бюллетени аны толтуруунун тартиби жөнүндө түшүндүрмөнү жана бюллетенди даярдоочу менен нускасы жөнүндө маалыматты камтууга тийиш.

2.2. Шайлоо бюллетендери Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталган басмаканада басылат.

Шайлоо бюллетендерин даярдоону контролдоо Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын буйругу менен бекитилген график боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө жана аппарат кызматкерлерине жүктөлөт.

2.3.Шайлоо бюллетендерин даярдоо мезгилине басмаканада өндүрүш процессинин жабык режими орнотулат.

Басмакананын жетекчилиги УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери менен макулдашып, шайлоо бюллетендери даярдалуучу цехтерге кире ала турган кызматчылардын тизмесин бекитет. Зарыл болгон учурда шайлоо бюллетендерин даярдоочу жана таңгактоочу адистер эки смендүү жумуш режимине которулат. 

2.4. Шайлоо бюллетендерин даярдоо процессинде өндүрүштүк жайларга кирерде же чыгарда кандайдыр бир басма материалдарын, аялдардын кол сумкасына чейиники кол жүгүн алып кирүү же чыгарып кетүүгө тыюу салынат. Шайлоо бюллетендерин даярдоо башталганга чейин шайлоо бюллетендери даярдала турган жайдан шайлоо бюллетендери басыла турган кагаздан башка бардык басма продукцияларды чыгарып кетүү зарыл.  

Шайлоо бюллетендерин даярдоого катыштыгы бар адамдардын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан берилген пропускалар менен гана кирүү жана чыгуу режимин контролдоону УКМК жана ИИМ кызматкерлери өз жоопкерчилигине алышат.

2.5. Шайлоо бюллетендерин даярдоого жооптуу адамдар – Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле байкоочулар сыпатында катышкан саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо бюллетендерин даярдоо мезгилине басмаканада орнотулган режимге баш ийишет.

2.6. Шайлоо бюллетендерин даярдоо коопсуздугун жана алардын басмаканада (шайлоо бюллетендери турган жай мөөрлөнөт жана коргоого тапшырылат) сакталуу коопсуздугун камсыздоо УКМК жана ИИМ кызматкерлери тарабынан аталган ведомстволордун жетекчилигинин буйругуна ылайык  жүзөгө ашырылат.

 

3. Шайлоо бюллетендерин төмөн турган шайлоо комиссияларына өткөрүп берүүнүн тартиби

3.1. Басмакана жараксыздарын алып салгандан кийин шайлоо бюллетендерин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө акт боюнча өткөрүп берет. Шайлоо бюллетендерин Борбордук шайлоо комиссиясынын кеминде 3 мүчөсүнүн, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, саясий партиялардын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүп бергенден кийин жараксыз жана ашык шайлоо бюллетендери жок кылынат, бул жөнүндө акт түзүлөт, ага катышкан адамдардын бардыгынын колу коюлат.

3.2. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендерин аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кеминде жарымынын катышуусунда аймактык шайлоо комиссияларына акт боюнча өткөрүп берет. Талапкерлердин, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү шайлоо бюллетендерин өткөрүп берүүдө катышууга укуктуу.

Аймактык шайлоо комиссиялары шайлоо бюллетендерин участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кеминде үчөөнүн катышуусунда участкалык шайлоо комиссияларына акт боюнча өткөрүп берет. Талапкерлердин, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү шайлоо бюллетендерин өткөрүп берүүгө катышууга укуктуу.

3.3. Шайлоо бюллетендерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күн калганда, кайра добуш берген учурда - добуш берүү күнүнө чейин            5 календардык күн калганда, ал эми участкалык шайлоо комиссияларына - добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күн калганда жүзөгө ашырылат. Участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилүүчү шайлоо бюллетендеринин саны шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын санынын 0,1 пайызынан ашышы мүмкүн эмес.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетендерине участкалык шайлоо комиссиясынын тиешелүү мөөрүн коюу менен участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы кол коёт.

3.4. Шайлоо бюллетендери даярдалгандан кийин талапкерлер, талапкерлердин тизмеси чыгып кеткен учурда, участкалык шайлоо комиссиялары тиешелүү талапкерлер, талапкерлердин тизмеси жөнүндөгү шайлоо бюллетендериндеги маалыматтарды чийип салат. Чийип салуу талапкер, саясий партия, жөнүндө бардык маалыматтар жазылган саптар боюнча шарик калеми менен гана түз сызык түрүндө жүргүзүлөт. Мында чийүү сызыгы талапкер, саясий партия жөнүндө маалымат жазылган саптын каршысындагы бош квадратты камтууга тийиш.

3.5. Шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмеси жана башка шайлоо документтери, тиешелүү шайлоо комиссиясынын мөөрү сакталып турган атайын сейф (шкаф) болгон жай мөөр басып бекитилет жана ички иштер органдарына кайтарууга тапшырылат. Мында добуш берүү күнү сейф (шкаф) добуш берүү жүзөгө ашырылып жаткан шайлоо участогундагы жайдын ичинде болууга тийиш.

3.6. Басмакананын, шайлоо комиссиясынын жайларынан шайлоо бюллетендерин алып чыгууга, ошондой эле шайлоо бюллетендерин көчүрмөлөөгө жана таратууга тыюу салынат.

4. Шайлоо бюллетендерин сактоо жана жеткирүү

4.1. Шайлоо бюллетендеринин сакталышы боюнча жоопкерчилик аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына жүктөлөт.

4.2. Шайлоо бюллетендерин жеткирүү ички иштер органдары тарабынан бөлүнгөн күзөттүн коштоосу менен камсыздалат.

4.3. Шайлоо бюллетендери аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан мөөрлөнүп бекитилген же аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы  тарабынан пломба коюлган отко күйбөс темир ящиктерде (сейф) сакталат жана органдар тарабынан бөлүнгөн кызматкерлердин кайтаруусуна алынат.

4.4. Шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылгандан кийин добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлат жана анын биринчи нускасы шайлоо документтери, анын ичинде шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмелери, даттануулар (арыздар), алар боюнча кабыл алынган чечимдер, участкалык шайлоо комиссиясы түзгөн актылар, автоматтык эсептөөчү урналардын алгачкы жана жыйынтык протоколдору, идентификация боюнча алгачкы жана жыйынтык отчеттор менен бирге участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири тарабынан эсептөөгө катышкан талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн коштоосу менен аймактык шайлоо комиссиясына токтоосуз жеткирилет.

4.5. Шайлоо бюллетендери Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталган тартипте жана мөөнөттө жок кылынганга чейин аймактык шайлоо комиссиясы турган жайда сакталат. 

Карап чыгуулар: (1135)