МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын Жоболору
Центральная избирательная комиссия

«Кыргыз Республикасынын аймактарынан тыш жактарда жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2011 –жылдын 30-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуусун уюштуруу жөнүндөгү» ЖОБО

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана

референдум өткөрүү боюнча Борбордук

комиссиясынын 2011-жылдын 13-юлундагы

№19 токтому менен бекитилген

 

 

«Кыргыз Республикасынын  аймактарынан тыш жактарда жашаган же жүргөн  Кыргыз  Республикасынын жарандарынын 2011 –жылдын 30-октябрындагы Кыргыз Республикасынын  Президентин шайлоого катышуусун уюштуруу жөнүндөгү»

ЖОБО

 

 

 Жалпы жоболор

Шайлоону камсыз кылуу боюнча дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин ишмердүүлүгү

3. Чет мамлекеттердин аймактарында шайлоо участокторун түзүү 

4.  Шайлоону Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарда уюштуруу боюнча     аймактык шайлоо комиссиясын түзүү

Участкалык шайлоо комиссияларын түзүү

Шайлоочулардын тизмелери

Шайлоо бюллетендерин алуу жана ташып жеткирүү

Шайлоо участокторунда добуш берүүнү уюштуруу

Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө шайлоо комиссияларынын протоколдорун өткөрүп берүү

Шайлоону уюштурууга кеткен чыгымдарды каржылоону камсыздоо

 

  1.  Жалпы жоболор

1.1. Кыргыз Республиканын аймагынан тышкары жактарда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын шайлоого катышуусун уюштуруу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (мындан ары шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзам) жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.

1.2.   Шайлоо жалпы теңчилик жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен жүргүзүлөт.

1.3. Шайлоо өткөрүү күнүнө карата 18 жашка толгон, иш-аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоого катышууга укуктуу.

 1.4.   Сот тарабынан иш-аракетке жөндөмсүз деп табылган же соттун өкүмү менен эркинен ажыратылган абак жайларда кармалган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоого катышууга укугу жок.

 1.5.   Шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакта жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоо укугуна ээ.

 1.6.   Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарда жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын тышкы иштер Министрлигинин дипломаттык, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардын алдындагы элчиликтеринин жана консулдуктарынын, туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын кызматчылары, эмгек мигранттары, студенттер жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймактарынан тыш жактарда туруктуу жашаган же жүргөн адамдар киришет.

1.7. Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы бирдиктүү округ болуп эсептелген шайлоону өткөрүү учурунда анын аймагынан тышкары жактарда жашаган же узак мөөнөттүү чет өлкөлүк  иш-сапарларда жүрүшкөн Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын бардык шайлоочулары үчүн бирдей тартипте  добуш беришет.

 

2. Шайлоону камсыз кылуу боюнча дипломаттык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин ишмердүүлүгү

 

2.1. Шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, чет мамлекеттердин аймактарында жайгашкан добуш берүү участокторундагы шайлоону  уюштуруу-техникалык жактан камсыздоо, тышкы иштер маселелерин өзүнүн дипломаттык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу башкарган мамлекеттик органга жүктөлгөн.

2.2. Шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамды жетекчиликке алуу менен дипломаттык өкүлчүлүктөрдүн  жана консулдук мекемелердин жетекчилери:

-Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердин аймагында жүргөн шайлоочу-жарандарынын добуш берүүсүн жана добушун саноону өткөрүү үчүн жергиликтүү жана башка шарттарды эске алуу менен шайлоо участокторун түзүү боюнча ишти уюштурушат;

- мыйзам талаптарына ылайык, дипломаттык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин имараттарынан шайлоо участоктору үчүн жай бөлүп беришет жана аларды жабдышат, ошондой эле өзүлөрүнүн шайлоого болгон конституциялык  укуктарын ишке ашыруу үчүн шайлоочулардын мүмкүнчүлүгүн камсыздайт;

- Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына добуш берүү бюллетендерин жогоруда турган шайлоо комиссияларынан участкалык комиссияга жеткирүүгө, ошондой эле шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоонун жыйынтыгы жөнүндөгү шайлоо документтери тиркелген протоколдорго кол койгондон кийин акты боюнча өткөрүп берүүгө көмөк көрсөтөт.

 

3. Чет мамлекеттердин аймактарында шайлоо участокторун түзүү 

 

3.1. Шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, шайлоо участоктору Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин аймактарында гана түзүлөт.

 3.2. Шайлоо участоктору Кыргыз Республикасынын шайлоо жана  референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча түзүлөт.

 

4.  Шайлоону Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарда уюштуруу боюнча аймактык шайлоо комиссиясын түзүү

 

4.1.Шайлоону Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарда уюштуруу боюнча аймактык шайлоо комиссиясын түзүү, ишмердүүлүгүн уюштуруу тартиби, алардын ыйгарым укуктары жана статусу «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-главасы боюнча аныкталат.

5.     Участкалык шайлоо комиссияларын түзүү

 5.1. Участкалык шайлоо комиссияларын чет мамлекеттердин аймактарында түзүү, ишмердүүлүгүн уюштуруу тартиби, алардын укуктары жана статусу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзамынын 5-главасы боюнча аныкталат.

5.2. Шайлоону чет мамлекеттердин аймагында уюштуруунун өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинде көрсөтүлгөн ар бир участкадагы  шайлоочулардын саны жөнүндөгү жана шайлоо комиссияларын түзүү тартибине карата (комиссиялардын сандык курамы, саясий партиялардан өкүлчүлүктөрдүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын, комиссиялардын төрагаларын жана катчыларын шайлоо бөлүгүндөгү) талаптар шайлоо участокторун Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарда түзүүдө колдонулбашы ыктымал.    

 

6.     Шайлоочулардын тизмелери

 

 6.1. Шайлоочулардын тизмелерин түзүү жана таанышуу тартиби шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 14, 15 –беренелери менен аныкталат.

6.2. Шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 14-беренесинин 6 –бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарда жашаган же жүргөн жана консулдук каттоого турган шайлоочулар туурасындагы маалыматтар тийиштүү дипломаттык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин жетекчилери тарабынан түзүлөт жана аймактык шайлоо комиссиясына добуш берүү күнүнө чейин 50 календарлык күндөн кечиктирбестен өткөрүлүп берилет.   

6.3. Участкалык шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесин шайлоочуларга тааныштыруу үчүн добуш бергенге чейин 40 календарлык  күн мурда илип коюуга милдеттүү жана добуш берүүгө чейинки 30 календарлык күндөн кечиктирбестен шайлоочулардын тизмесинде турган шайлоочуга анын шайлоочулардын тизмесинде бар экенин маалымдаган кабар жиберүүгө милдеттүү (шайлоо жөнүндө конституциялык  Мыйзамдын 15 -беренесинин 1,2 –бөлүктөрү). 

 6.4. Шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде ар бир шайлоочу 30 календарлык күн ичинде, бирок добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен участкалык шайлоо комиссиясына Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталган үлгүдөгү жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID- карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсү тиркелген арызын берүү жолу менен шайлоо дареги боюнча добуш берүүгө ниетин билдирүүгө укуктуу.

6.5. Добуш берүүгө 10 календарлык күн калганда участкалык шайлоо комиссиясы жарандарды эки жолу каттоону жокко чыгаруу максатында шайлоочулардын арызын кабыл алууну токтотот жана аларды шайлоочулардын тизмеси менен кошо аймактык шайлоо комиссиясына өткөрөт.  

6.6. Шайлоочулардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы тарабынан бекитилген формада түзүлөт. 

 

7.     Шайлоо бюллетендерин алуу жана ташып жеткирүү

 

7.1. Добуш берүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарда түзүлгөн шайлоо участокторуна шайлоо бюллетендери жеткирилет. Шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 30 –беренесине ылайык шайлоо бюллетени так эсептүүлүктөгү документ болуп саналат.

7.2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук  комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күн калганда шайлоо бюллетендерин Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарда түзүлгөн участоктук шайлоо комиссияларына жөнөтүү үчүн акты боюнча аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берет.  

7.3. Аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан бюллетендерди Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарда түзүлгөн участоктук шайлоо комиссияларына жөнөтүү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин дипломаттык каналдары аркылуу жүргүзүлөт. Участоктук шайлоо комиссияларына жөнөтүлгөн шайлоо бюллетендеринин саны шайлоо участогу боюнча тизмеге кийирилген шайлоочулардын санынан 0,1 пайыздан ашпоого тийиш.

8.     Шайлоо участокторунда добуш берүүнү уюштуруу

8.1. Шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 31-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык добуш берүү шайлоо күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 8ден 19га чейин өткөрүлөт.

 8.2. Добуш берүүнүн убактысы жана орду жөнүндө участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочуларды добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күн калганда жалпыга маалымдоо каражаттары же башка жол менен кабардар кылууга тийиш.  

8.3. Зарыл болгон учурда добуш берүүгө бир календарлык күн калганда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан имараттан тышкары добуш берүүнү өткөрүү үчүн, берилген арыздарга же оозеки кайрылууларга ылайык, шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 33 – беренесинин ченемдерин ишке ашыруу максатында жарандардын жашаган, турган жерлерине баруу уюштурулат.  

9. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө шайлоо  комиссияларынын протоколдорун өткөрүп берүү

9.1. Шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 31-беренесине ылайык, шайлоодо добуш берүү аяктагандан кийин участоктук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгы туурасында протокол түзөт. Добуш берүүнүн жыйынтыгы туурасындагы биринчи протокол кол коюлгандан кийин, добуш берүү үчүн шайлоо бюллетендерин, шайлоочулардын  тизмесин,  даттанууларды (арыздарды), алар боюнча кабыл алынган чечимдерди, участоктук шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлгөн актылар, комиссиянын жыйынын протоколдорун ж.б.  шайлоо документтери менен бирге дипломаттык каналдар аркылуу токтоосуз түрдө аймактык шайлоо комиссиясына жеткирилет.      

9.2. Шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 36-беренесине ылайык, аймактык шайлоо комиссиясы участоктук шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде жыйынды таблица жана протокол түзөт. Шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасы кол коюлгандан кийин жыйынды таблицанын биринчи нускасы менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.    

10. Шайлоону уюштурууга карата чыгымдарды каржылык  камсыздоо

 10.1. Чет мамлекеттердин аймактарында жайгашкан шайлоо участкаларында добуш берүүнү уюштуруу менен байланышкан каржылык камсыздоолор шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, республикалык бюджеттин жана шайлоо комиссияларынын атайын фонддорунун эсебинен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы тарабынан бекитилген чыгымдардын сметасынын чегинде жүргүзүлөт. Каржылоонун тартиби Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссиялары жөнүндөгү мыйзамы менен аныкталат.

10.2. Чет мамлекеттердин аймактарында түзүлгөн шайлоо комиссиялары шайлоону уюштуруу жана өткөрүүгө жумшалган чыгымдар туурасындагы отчетун шайлоо өткөрүлгөндөн кийин 7 календарлык күндөн кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине берет. 

10.3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги республикалык бюджеттин каражаттарынын чыгымдалышы туурасындагы отчетун шайлоо өткөндөн кийинки 20 календарлык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына берет.  

 10.4.Шайлоо комиссияларынын төрагалары акча каражаттарын тескешет жана каржылык документтердин шайлоо комиссияларынын каржылык маселелери боюнча чечимдери менен дал келишине жеке жоопкерчилик тартышат.

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум

өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясыны 

2011-жылдын 13-июлундагы №19 токтому

                                                                                                                                                                        менен бекитилген

 

№ 6 форма

 

ШАЙЛООЧУЛАР ЖӨНҮНДӨГҮ МААЛЫМАТТАРДЫН БИРДИКТҮҮ ФОРМАСЫ

 

 Кыргыз Республикасынын _________________________________________________________элчилиги

 

 

к/н

Фамилиясы, Аты, Атасынын аты

 Туулган жылы

( каттоо учурунда 18 жашка толгон болсо

   кошумча туулган  

     күнү жана айы   

         жазылат )

Туулган жери

Шайлоочунун

паспортунун сериясы, номери  же башка документи

 Кыргыз Республи-

касындагы каттоосу (Область/шаар, район, село, көчө, үй, квартира)

 Өзгөчө белгилер

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  дипломаттык

өкүлчүлүгүнүн, консулдук мекемесинин

жетекчиси                                                                                               ________________________________________________________

                                                                                                                  (колтамгасы)          (фамилиясы,аты, атасынын аты)

 М.П.

 

Карап чыгуулар: (1862)