МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - ЖМК - Аккредитациялоо
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредиттөөнүн жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде алардын ишинин тартиби жөнүндө ЖОБО

Кыргыз Республикасынын шайлоо

 жана референдум өткөрүү боюнча

Борбордук комиссиясынын

2011-жылдын 11-июлдагы

№13 токтому менен бекитилген

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредиттөөнүн жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде алардын ишинин тартиби жөнүндө

ЖОБО

 

  • Жалпы жоболор
  • Жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредиттөөнүн шарттары жана тартиби
  • Жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредиттөөнү уюштуруу
  • Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде чет өлкөлүк Жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишинин тартиби
  • Аккредиттелген ЖМКлардын укуктары
  • Аккредиттелген ЖМКлардын жоопкерчилиги
  •  

    1.      Жалпы жоболор

     

    Жалпыга маалымдоо каражаттарын (мындан ары ЖМК)  Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясында (мындан ары-Борбордук шайлоо комиссиясы) аккредиттөө “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, ушул Жобого ылайык ишке ашырылат.

    “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүнүн 21-пунктуна ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы чет элдик жана жергиликтүү ЖМКларды аккредиттөөнү ишке ашырат.

    Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышкан ЖМКларды Борбордук шайлоо комиссиясында аккредиттөөнүн тартибин аныктайт.

     

    2.      Жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредиттөөнүн шарттары жана тартиби

     

    Шайлоолорду өткөрүүдө эфирдик убакытты жана басма сөз бетин төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды телерадиоберүүнүн тийиштүү уюму, мезгилдүү басма сөздүн редакциясы шайлоолорду дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан 10 календарлык күндөн кечиктирбестен жарыялашы жана Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышы керек. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо маалымат каражаттары 2011-жылдын 11-июлунда саат 20-00 чейин Борбордук шайлоо комиссиясына төмөндөгүдөй документтерди тапшырышы керек:

    -шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы жөнүндө билдирүү, жетекчинин фамилиясы, аты, атасынын аты, ЖМК координаты жана байланыш маалыматы;

    -Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинен ЖМК каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

    - ЖМКнын уставынын көчүрмөсү;

    -эфирдик убакытты жана басма сөз бетин бергендикке төлөөнүн өлчөмү жана шарттары жөнүндө маалыматтар жарыяланган газетанын номеринин көчүрмөсү.

    Аталган маалыматтарды 2011-жылдын 11-июлунан кийин жарыялаган ЖМКлар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредиттөөгө киргизилбейт.

    Жарыяланган маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясына 2011-жылдын 11-июлунан кийин тапшырган ЖМКлар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредиттөөгө киргизилбейт.

    Шайлоо комиссиялары шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн белгиленген тартибин сактоого контролдук кылышат.

     

    3.      Жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредиттөөнү уюштуруу

     

    Борбордук шайлоо комиссиясы жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредиттөөнү уюштуруунун рамкасында:

    -ЖМКларды аккредиттөөнүн тартиптери жана мөөнөттөрү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына өз убагында билдирип жана маалымдап турат;

    -жалпыга маалымдоо каражаттарына шайлоо мыйзамы жана жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредиттөөнү өткөрүүнүн тартиби боюнча маалыматтык жана кеңеш берүү жардамдарын көрсөтүшөт;

    -Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында Борбордук шайлоо комиссиясында аккредиттөөдөн өткөн жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышуу укугуна ээ жалпыга маалымдоо каражаттарынын тизмесин жайгаштырат.

    ЖМКны аккредиттөө жөнүндө чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 20-бөлүмүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөн он календарлык күндөн кечиктирбестен кабыл алат.

     

    4.      Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо  каражаттарынын кабарчыларынын ишинин тартиби

     

    Чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчылары Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 19-апрелиндеги №215  Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин ЖМКнын кабарчыларын аккредиттөө тууралу Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын тышкы иштер Министрлиги берген аккредиттөө жөнүндө күбөлүктү көрсөткөндө жана арызына ылайык аккредиттелишет.

    Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышкан чет өлкөлүк ЖМКдын кабарчылары “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын талаптарынын рамкасында иш алып барышат.

             Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Шайлоо өткөрүү мезгилинде чет өлкөлүк теле- жана радио программалар жазылып алынган түрүндө берилет. Талапкерлердин ар намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген теле- жана радио программаларды жазып алып берүүгө тыюу салынат. Мындай учурларда көрсөтүлгөн маалыматтарды таратканы үчүн жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жоопкерчилик тартышат.

     

    5.      Аккредиттелген ЖМКлардын укуктары

     

    Аккредиттөө үчүн ЖМКлардын саны чектелбейт.

    Аккредиттелген ЖМКлар:

    -Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарына катышууга;

    -өз редакциясына оперативдүү кабарларды жиберүүдө байланыш каражаттарын, аккредиттелген журналисттер үчүн атайын бөлүнгөн жайлардагы башка байланыш техникасын  пайдаланууга;

    -Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алган чечимдерге тийиштүү маалыматтарды алууга;

    б) керектүү маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат-аналитикалык бөлүмүнөн, анын ичинде атайын уюштурулган брифингдерден, жолугушуулардан жана пресс-конференциялардан алууга;

    г) жарыялоо үчүн даярдалган маалыматтык-сурап билүү материалдары менен таанышууга;

    д) Борбордук шайлоо комиссиясынын анын Төргасы, орун басарлары, мүчөлөрү, Борбордук шайлоо комиссиясынын  Аппаратынын кызматкерлери менен жолугушууларды, интервьюларды уюштуруусуна көмөктөшүүдөн пайдаланууга укуктуу.

     

    6.      Аккредиттелген ЖМКлардын жоопкерчилиги

     

    Аккредиттелген ЖМКлар:

    -жалпыга таанылуу журналисттик этиканын ченемдерин сактоого;

    -Борбордук шайлоо комиссиясынын иши жөнүндө телекөрүүчүлөргө жана радиоугуучуларга, окурмандарга обьективдүү маалымат берүүгө;

    -Борбордук шайлоо комиссиясынын абийирине жана аброюна шек келтирген маалыматтарды жайылтуу максатында өз укуктарын пайдаланбоого;

    -шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги менен кыянаттык кылууга: улуттук, этникалык, расалык, диний, аймактык касташуу, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарга козуткан үгүт иштерине, бийликти ээлеп алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга үндөгөн чакырыктарга; согушту пропагандалоого; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынган  мамлекеттин жана башка мамлекеттердин саясый ишмерлеринин сүрөтүн чагылдыруу менен фото жана видеоматериалдарды пайдаланууга жол берилбейт.

    - атайылап жалган маалыматтарга негизделген, талапкердин абийирине, ар намысына же ишкер аброюна шек келтире турган жарыяларга жол берилбейт. Мындай маалымат жарыялоого жол берген жалпыга маалымдоо каражаттары талапкердин, саясый партиянын талабы боюнча төгүндөөнү жарыялоого, же чындыкка ылайык келбеген же аны бурмалаган макалага же билдирүүлөргө колдонуудагы мыйзамга ылайык түшүндүрмөлөрдү жарыялоого милдеттүү.

    Жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талабын бузган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы ЖМКнын аккредиттөөсүн чакырып алууга укуктуу.  

    Карап чыгуулар: (5077)