![]() Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жеткирүүдө, берүүдө жана кабыл алууда санкцияланбаган жетиштиктен коргоону камсыз кылуунун тартиби жөнүндө Жобо |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 17-августунда № 151 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жеткирүүдө, берүүдө жана кабыл алууда санкцияланбаган жетиштиктен коргоону камсыз кылуунун тартиби жөнүндө
ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рфеферендум өтөкрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 257 токтомунун редакциясында) Ушул Жобо “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыгылган жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жогору турган шайлоо комиссияларына участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорун, аймактык шайлоо комиссияларын добуш берүү жыйынтыктары жөнүндө протоколдорун жана биргелештирилген таблицаларды жеткирүүдө, берүүдө жана кабыл алууда санкцияланбаган ачуулардан коргоону камсыз кылууга багытталган. Сейф-пакеттер атайын нымдуулукка чыдамдуу, ысыкта күйбөгөн материалдардан даярдалат, алардын сегиз сандык номерлери болот (мындан ары - идентификациялык номер), чапталуучу индикаторлук лента менен чапталат. Мыйзамсыз, өзүнчө жана анонимдик ачуу болбойт, анткени, ал ачык көрүнүп турган пломба-лентанын алдында open (ачык) деген сөз менен коштолот, ошондуктан, пайдаланылган сейф-пакетти экинчи жолу чаптоо мүмкүн эмес. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун биринчи нускасына кол коюлгандан кийин участкалык шайлоо комиссиясы аталган протоколду же анын көчүрмөсүн токтоосуз факсимилдик байланыш боюнча контролдоо, маалыматтарды алгачкы иштеп чыгуу жана жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) жөнөтөт. Сейф-пакеттерди оңдоолорду киргизүү максатында ачуудан качуу үчүн участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго киргизилген маалыматтарды дыкаттык менен текшерип чыгуулары зарыл. Биринчи нуска, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун кол коюлган көчүрмөсүн эки сейф-пакеттерге тангактоо байкоочулардын, талапкерлердин өкүлдөрүнүн, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусу астында участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же катчысы тарабынан ишке ашырылат, ал жөнүндө акт түзүлөт, анда сейф-пакеттердин идентификациялык номерлери көрсөтүлүшү, катышып жаткан адамдардын бардыгынын колтамгалары болушу зарыл. Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнүн сейф-пакетине, добуш берүү күнүндө шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин дүмүрчөктөрү кошумча таңгакталат. Биринчи нуска менен, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдордун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү, шайлоо күнү шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин дүмүрчөктөрү менен эки сейф-пакетти участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же бир мүчөсү тарабынан талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматчыларынын коштоосунда токтоосуз аймактык шайлоо комиссиясына жеткирилет жана акт менен өткөрүлүп берилет, анда сейф-пакеттердин идентификациялык номери сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун экинчи нускасы, участкалык комиссиянын мөөрү, эки сейф-пакеттердин айрылма талондору, биринчи нуска менен сейф-пакеттерди аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилгендиги жөнүндө акт жана добуш берүүнүн жыйнтыктары тууралуу протоколдун күбөлөндүргөн көчүрмөсү участкалык шайлоо комиссиясынын катчысында сакталат, ал комиссиянын ишинин аякташына чейин алардын тактыгына жана сакталышына мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти тартат. Участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу протоколунун биринчи нускасынын сейф-пакетин ачуу - байкоочулардын, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда тийиштүү шайлоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун күбөлөндүрүлгөн сейф-пакети жана добуш берүү күнүндө шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин дүмүрчөктөрү менен Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт. Сейф-пакеттерди Борбордук шайлоо комиссиясы үчүн аймактык шайлоо комиссиясында ачууга жол берилбейт Аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун алгачкы нускаларынын негизинде, алардагы маалыматтарды бириктирүү жолу аркылуу тийиштүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат, ал жөнүндө добуш берүүнүн протоколу менен аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча бириктирилген таблица түзүлөт. Тийиштүү аймактагы добуш берүүнүн протоколунун биринчи нускасына жана бириктирилген таблицага кол коюлгандан кийин аймактык шайлоо комиссиясы аларды участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө бардык протоколдор менен бирдикте сейф-пакетке таңгактайт, ал жөнүндө акт түзүлөт, анда сейф-пакеттин идентификациялык номуру көрсөтүлөт жана шайлоочуларга добуш берүү күнүндө берилген шайлоо бюллетендеринин дүмүрчөктөрү жана участкалык шайлоо комиссияларынын күбөлөндүрүлгөн протоколдору таңгакталган сейф-пакеттер менен бирдикте Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт. Аймактык шайлоо комиссиясынын бардык шайлоо документациясы менен добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө экинчи нускасы, сейф-пакеттин айрылма талону, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясына жыйынтыктоочу протоколдун биринчи нускасы менен сейф-пакетти тапшыруу жөнүндө акт архивге өткөрүүгө чейин кайтарылуучу жайда аймактык комиссиянын катчысында сакталат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдун биринчи нускасы жана аймактык шайлоо комиссиясынын бириктирилген таблицасы, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоочуларга шайлоо күнү берилген шайлоо бюллетендеринин дүмүрчөктөрү жана участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу протоколунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен сейф-пакеттерди Борбордук шайлоо комиссиясында акт боюнча ачууга жол берилет, анда сейф-пакеттердин идентификациялык номерлери көрсөтүлүшү керек.
|
Карап чыгуулар: (2120) |