![]() Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө Ж О Б О |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 13-июлундагы №18 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө Ж О Б О
1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасынын максаты жана милдеттери 2. Коомдук кабылдаманын жооптуу кызматкеринин милдеттери 3. Коомдук кабылдаманын ишмердүүлүгүн уюштуруу 4. Коомдук кабылдама тарабынан жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык иштелип чыккан. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасын (мындан ары – Коомдук кабылдама) түзүүнүн максатын жана милдеттерин, Коомдук кабылдаманын жооптуу кызматкерлеринин милдеттерин аныктайт. Коомдук кабылдама 2011-жылдын 30-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине карата түзүлгөн. Нөөмөт кезеги Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөлөрү жана аппараттын жооптуу кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасынын дареги: Бишкек шаары, Раззаков көчөсү-59, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын имараты, 1 кабат, №103 кабинет.
1. Максаттары жана милдеттери 1.1. Коомдук кабылдаманын максаты болуп Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укугун камсыздоо, жарандардын Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын ишмердүүлүгү менен байланышкан кайрылуулары, каалоолору жана даттануулары менен натыйжалуу жана ыкчам иш алып барууну уюштуруу болуп саналат. 1.2. Коомдук кабылдаманын милдеттери: -Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укугун камсыздоо; - Жарандардын кайрылуулары, каалоолору жана даттануулары менен натыйжалуу жана ыкчам иш алып барууну уюштуруу; -шайлоочуларга, талапкерлерге алардын ишенимдүү адамдарына жана байкоочуларга, саясий партиялардын өкүлдөрүнө, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, шайлоо процессинин катышуучуларына шайлоо мыйзамдары боюнча юридикалык, консультативдик – методикалык жардам көрсөтүү. 2. Жооптуу кызматкердин милдеттери 2.1. Коомдук кабылдаманын жооптуу кызматкери: -Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштуруу жана өткөрүүгө байланышкан арыз даттануулар жана сунуштар менен кайрылган мамлекеттик органдардын, саясий партиялардын, шайлоочулардын жана жарандардын чогулуштарынын өкүлдөрүн кабыл алат; -жарандардын арыздарын, кайрылууларын жана даттанууларын журналга каттайт; -нөөмөттүн жыйынтыктары туурасында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасына кабарлайт. 2.2. Жооптуу кызматкерлер өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык Мыйзамын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Регламентин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алышат. 3. Коомдук кабылдаманын ишмердүүлүгүн уюштуруу 3.1. Нөөмөт кезегине жооптуулардын курамы жана графиги Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын буйругу менен бекитилет. 3.2. Коомдук кабылдаманын нөөмөт кезегин уюштуруу жана ишин көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси тарабынан камсыздалат. 4. Коомдук кабылдама тарабынан жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби 4.1.Жарандардын арыздары жана даттануулары негиздүү болушу керек. Зарыл болгон учурда аларга жарандын дооматтарын ырастаган документтер кошо тиркелет. Коомдук кабылдамага кайрылган учурда жарандар анын ким экенидигин ырастаган документин көрсөтүүгө тийиш. 4.2. Жарандардын кайрылууларын Коомдук кабылдама тарабынан кабыл алуу ушул Жобо аныктаган күндөрдө жана сааттарда жүргүзүлөт. 4.3. Эгерде кайрылууларда чечилүүсү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын компетенциясына кирбеген маселелер бар болсо, жаранга кайсыл жакка жана кандай тартипте кайрылуусу оозеки түшүндүрүлөт. 4.4. Эгерде жарандардын кайрылуусунда атайын иликтөөнү жана убакытты талап кылбаган маселелер болсо Коомдук кабылдаманын жооптуу кызматкери аларга өз алдынча жооп бере алат. 4.5. Ушул бөлүм менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык чечилет.
|
Карап чыгуулар: (2297) |