![]() КРнын БШК отурумунун кун тартиби, 18-ноябрь 2016-жыл |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН КҮН ТАРТИБИ
Өткөрүү датасы: 2016-жылдын 18-ноябры Убактысы : саат 15.00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Кыргыз Республикасынын референдумунда (бүткүл добуш берүүдө) шайлоо комиссияларынын протоколдорунун формаларын бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти) 2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо комиссияларынын протоколдорунун формаларын бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти) 3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти) 4. Чүй облусунун Ысык-Ата, Жайыл, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл, Ош облусунун Чоң-Алай, Нарын облусунун Кочкор, Баткен облусунун Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. Ош шаарынын, Ош жана Чүй облустарынын кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. Ар түрдүү маселелер
ТӨРАГА |
Карап чыгуулар: (988) |