МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - КР БШКнын чечимдери
Центральная избирательная комиссия

ЧЕЧИМ №1

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 2-пунктту, 14-беренесинин 4-пунктун,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген «Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө» жобонун, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» жобонун 39, 41-пункттарын жетекчиликке алып, «Ата-Мекен» фракциясынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы лидеринен 2013-жылдын 30-январындагы чыгыш № 16 жана Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер М.С. Ахраровдон 2013-жылдын 30-январындагы кириш № 03-1/13-176 келип түшкөн арыздарына байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы

 ЧЕЧИМ КЫЛДЫ:

1. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоо боюнча жана Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча  шайлоо бюллетендери бар мөөрлөнүп чапталган пакеттери ачылбасын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул чечимдин аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                                         Т. АБДРАИМОВ

 

 

Карап чыгуулар: (2884)