![]() КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ |
Бишкек шаары 2012-жылдын 2-февралы ПЖ N 26
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2012-жылдын 14-майындагы ПЖ N 102 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Коррупцияны жоюу боюнча мамлекеттик бийликтин органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, жарандык коомду мобилизациялоо максатында жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине жана Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин 2012-жылдын 30-январындагы "Коомдогу коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө" чечимине ылайык, токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын тиркелген Мамлекеттик стратегиясы бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, башка мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2012-жылдын 1-мартына чейин антикоррупциялык саясаттын Мамлекеттик стратегиясын жүзөгө ашыруунун алкагында кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдерге коррупцияга каршы туруу боюнча иш-чаралардын пландарын иштеп чыксын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы N 327 "2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2012-жылдын 20-февралындагы N 87/1 "2012-2015-жылдарда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндө" буйругу; Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин 2012-жылдын 22-февралындагы N 17 "Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы N 26 Жарлыгын жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин Иш-чаралар планын бекитүү тууралуу" буйругу Бишкек шаарынын Мэриясынын 2012-жылдын 29-февралындагы N 65 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы N 26 "Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө" токтому
3. Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгына Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттерди координациялоо жүктөлсүн. 4. (КР Президентинин 2012-жылдын 14-майындагы ПЖ N 102 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту) 5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 11-мартындагы N 155 "Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын. 6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн. 7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев
|
Карап чыгуулар: (6337) |