![]() Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзам |
2010-жылдын 27-июну
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө
1-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы төмөнкүлөрдү кошпогондо референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) жыйынтыктары расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет: - жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин биринчи жыйналышы башталган күндөн тартып күчүнө кире турган үчүнчү бөлүмүнүн, төртүнчү бөлүмүнүн экинчи жана үчүнчү главаларынын, бешинчи-алтынчы бөлүмдөрдүн жоболорун; - 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 30-берененин экинчи бөлүгүнүн жоболорун. 2. Референдум (бүткүл элдик добуш берүү) менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кол коюуну талап кылбайт. 3. Эгемендүү Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясы кабыл алынган күндүн тарыхый маанисин эске алып, 5-май Кыргыз Республикасынын Конституция күнү деп эсептелинсин. 4. Конституция күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелинсин: 1) 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы ага киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен; 2) "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" 1993-жылдын 5-майында N 1186-XII кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3) төмөнкүлөрдү кошпогондо "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө" 2007-жылдын 23-октябрындагы N 157 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы: жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы башталган күндөн тартып күчүн жоготуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары жөнүндө жоболорду; жаңы Конституцияга ылайык түзүлгөн Өкмөттүн жаңы курамы дайындалган күндөн тартып күчүн жоготуучу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктары жөнүндө жоболорду. 5. Конституция күчүнө киргенге чейин колдонулуп келген мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат. Жарандык, жазык жана административдик сот өндүрүшүнүн тартибин жөнгө салуучу мыйзамдар аларды Конституцияга ылайык келтиргенге чейин колдонулат. 6. Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринде, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинде, "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында "Гендердик саясатты өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 20-мартындагы N 136 Жарлыгында каралган атайын кепилдиктер өз колдонулушун сактап калат. 7. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренеси менен каралган талаптарга ылайык жүргүзүлөт. 8. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү сотторунун судьялары жаңы Конституцияга ылайык жаңы судьялар шайланганга жана дайындалганга чейин өз ыйгарым укуктарын сактап калат. Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары, жергиликтүү соттордун төрагалары жана алардын орун басарлары жаңы Конституцияга ылайык Жогорку соттун төрагасынын жаңы орун басарлары, жергиликтүү соттордун төрагалары жана алардын орун басарлары шайланганга чейин өз ыйгарым укуктарын сактап калат. Жаңы Конституцияга ылайык Судьяларды тандоо боюнча кеңеш түзүлгөнгө чейин судьялардын, жергиликтүү соттордун төрагаларынын жана алардын орун басарларынын бош калган кызматтары Убактылуу Өкмөт тарабынан аныкталуучу тартипте ээленет. 9. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары өздөрү шайланган мөөнөт аяктаганга чейин ыйгарым укуктарын сактап калат. Шаарлардын мэрлери, шаардык башкармалыктардын жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын тиешелүү кызмат адамдары шайланганга чейин өз ыйгарым укуктарын сактап калат. 10. 2010-жылдын 12-апрелиндеги N 2 "Конституциялык сотту таратуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декрети чыккан күндөн тартып Конституциялык соттун судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду деп эсептелинсин. 11. Конституция күчүнө кирген күндөн тартып: 1) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү тарабынан аныкталат жана өзүнө саясий партиялардын, жарандык коомчулуктун өкүлдөрүн камтыйт. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссия Конституцияга ылайык жаңы курам түзүлгөнгө чейин иштейт; 2) Эсептөө палатасынын төрагасы жана аудиторлору Эсептөө палатасынын жаңы курамы шайланганга чейин өз ыйгарым укуктарын сактап калат.
2-берене.
1. 2010-жылдын 19-майындагы N 39 "Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төмөнкү маанидеги Декрети бекитилсин: "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти жөнүндө
1. Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын жаңы Президенти кызматына киришкенге чейин Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президентинин кызматы киргизилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2011-жылдын 31-декабрына чейин белгиленсин. 3. Кыргыз Республикасынын Президенти 2011-жылдын шайлоосунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлигин коюуга укуксуз экендиги белгиленсин. 4. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Роза Исаковна Отунбаевага Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президентинин ыйгарым укуктары таандык кылынсын. 5. Кыргыз Республикасынын Президенти: Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык шайланган жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышына чейин "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө" 2007-жылдын 23-октябрындагы N 157 Кыргыз Республикасынын Мыйзамында баяндалган Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен каралган Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат; жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы башталган күндөн тартып Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясы менен каралган Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат; Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзүлгөнгө чейин "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында баяндалган 2007-жылдын 23-октябрындагы N 157 Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен каралган Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат. 6. Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти саясий партияда турууга укуксуз, саясий бейтараптыкты сактоого жана кандай гана болбосун саясий партияларды колдоого байланышкан ар кандай аракеттерди жасоодон өзүн токтотууга милдеттүү. 7. Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, ак ниет жана ачык айкын өткөрүүнү камсыз кылууга милдеттүү.".
3-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Президенти 2010-жылдын 19-майындагы N 39 "Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декрети бекитилгенден кийин референдумдун чечими менен Кыргыз Республикасынын элинин алдында ант берет. 2. Кыргыз Республикасынын жаңы Президентин шайлоо Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 2 ай калганда өткөрүлөт. 3. Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын жаңы Президенти кызматка киришкенден кийин Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусуна ээ болот.
4-берене.
Жогорку Кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизүүнүн тартибин караган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 114-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболору 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
5-берене. Ушул Мыйзам 2010-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын референдуму (бүткүл элдик добуш берүү) менен кабыл алынды жана Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясын кабыл алуу боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) жыйынтыктары расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Караңыз: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 1-июлундагы N 130 "2010-жылдын 27-июндагы Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) жыйынтыктары жөнүндө" токтому |
Карап чыгуулар: (5377) |