МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 100 Талас облусунун Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын, Нарын облусунун Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарынан жана резервдеринен чыгаруу жөнүндө Г.А. Аликенованын, Ж.Б. Кокоевдин, Э.Н. Бекбоеванын, Р.Р. Байсабаеванын, М.А. Умарованын, П.Муталипованын арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Талас облусунун Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан  “Кыргызстан үй куруучулардын партиясы”  республикалык коомдук-саясий партиясынан көрсөтүлгөн Аликенова Гульзат Аманкельдиевна, “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кокоев Жалил Бегимкулович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бекбоева Эмиля Нуркалыйовна чыгарылсын;

-комиссиянын курамына резервинен “Акшумкар” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Ташманбетов Абдыманап, “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыдырбаева Нуриза Сасыкуловна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Масалбеков Жоомартбек Сатканбекович киргизилсин;

-комиссиянын резервинен  “Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Байсабаева Роза Ражаповна чыгарылсын.

2. Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен “Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Умарова Мавлюда Акматовна чыгарылсын.

3. Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Муталипова Паризат чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Чороев Урмат Нурланович киргизилсин.

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                           Т.АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш, 2015-жылдын 31-июлу

№ 100

Карап чыгуулар: (1232)