![]() № 103 Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-октябрындагы жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) кайрылуусунун, Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүү жөнүндө жарандардын жыйынын протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренелеринин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Урмолдоева Гүлнара Барыктабасовна, Балбаева Надира Манасовна, Жунушалиева Жылдызхан Сагынбековна, Чады уулу Эрмек, Давлетов Үсөн Карыкеевич, Рыскулова Алия Насыралиевна, Касыгулова Марийна Аскаровна – Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилсин. 2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА Бишкек ш, 2017-жылдын 4-майы № 103 |
Карап чыгуулар: (934) |