№ 104 Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Москва Ысык-Ата, Ош облусунун Ноокат, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Ала-Бука, Токтогул, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө |
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү К.Кийикбаевдин, А.Жотоевдин, Н.Жолдобаеванын, З.Райымбаеванын, Э.Молдобекованын, Ү.Касымованын, Р.Жүкүшеванын, А.Жаилованын, Н.Эрмамбетованын, М.Карабаеванын, Э.Төрөкуловдун аймактык шайлоо комиссиянын курамынан, Г.Бердиматованын, А.Ашкулованын, А.Исаевдин, Э.Шекековдун, М.Садамкуловдун, А.Кармышеванын, А.Исмаилованын, З.Тавалдиеванын, К.Эгембердиеванын резервден чыгуу жөнүндө арыздарынын негизинде, ошондой эле Н.Жунушева, С.Манапова, К.Ошорбакиева, Т.Чернова, Т.Жамансариева, К.Мейманканова, М.Акматбекова, Б. Саралаев, Алина Тынчтыкбек кызы, Ы.Сыдыгалиева, Т.Сейитпаев, М.Атамбекова аймактык шайлоо комиссиялардын курамына киргизилгендигине байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренелеринин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бердиматова Гүлина Үсөновна, Ашкулова Айнура Ашкуловна резервден чыгарылсын. - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жунушова Назгүл Айдаркановна резервге киргизилсин. 2. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Исмаилов Аскат Алмазбекович, Шекеков Эмил Кемелбекович, Кармышева Аимжан Канатбековна, Исаев Азизбек Осмонович, Садамкулов Марат Исакулович резервден чыгарылсын. 3. Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиянын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кийикбаев Калык Найзабекович комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Манапова Саткынбү резервден комиссиянын курамына киргизилсин. 4. Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиянын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жотоев Анарбек Балтаевич комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ошурбакиева Клара Нарухановна резервден комиссиянын курамына киргизилсин. 5. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Райымбаева Зайнаш Сатыбалдиевна комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жамансариев Таалайбек Токтогулович резервден комиссиянын курамына киргизилсин. 6. Чүй облусунун Жайыл районунун аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жолдобаева Назира Болотбековна – комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан - Чернова Татьяна Владимировна резервден комиссиянын курамына киргизилсин. 7. Чүй облусунун Москва райондук аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Молдобекова Элмира Молдобековна, Касымова Үпөл Каныбековна, Жүкүшева Роза Малабековна, Жаилов Аскарбек Сатаевич, Эрмамбетова Нурзада Сейтпековна комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Акматбеков Максат Турусбекович, Саралаев Бейшенбек Аланбаевич, Тынчтыкбек кызы Алина, Сыдыгалиева Ырыс Сардалбековна, Сейитпаев Талантбека Калыгулович резервден комиссиянын курамына киргизилсин; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Тавалдиева Замира Токтогуловна, Эгембердиева Калипа Солдатбековна резервден чыгарылсын. 8. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Карабаева Мухлис Эркинжановна комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мейманканов Кубанычбек Абдумуталипович – резервден комиссиянын курамына киргизилсин. 9. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - “Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Төрөкулов Элдияр Шаршенович комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Атамбекова Миргүл Нишановна комиссиянын курамына киргизилсин. 10. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2017-жылдын 4-майы, № 104
|
Карап чыгуулар: (1270) |