МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 104 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссиялары бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча токтомдорунун бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын каттоосу, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.

4. Аймактык шайлоо комиссиялардын “Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү” 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.

5. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.

6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берсин.

7. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 

8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                      Т.АБДРАИМОВ 

 

Бишкек ш, 2015-жылдын 3-августу

№ 104

 

2015-жылдын 3-августунда жарыяланды 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2015-жылдын 3-августундагы

№ 104 токтомунун 1-тиркемеси

 

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган

жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси

 

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж.

Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби

Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы

Баткен облусу

Баткен району 

 1

Дара айылдык

Бабаев Жолдошбай Багаржанович

Өз арызы

№ 151,

15.12.2012-ж.

 2

Баткен шаардык

Рахманбердиев Жоробай («Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы)

Өлгөндүгүнө байланыштуу

 3

Умарова Буважар Абдипаттаевна («Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясы)

Өз арызы

 4

Касымалиева Назгул Талантбековна («Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясы)

Өз арызы

№111,

26.09.2014-ж.

Нарын облусу

 5

Нарын шаардык

Жаанбаев Уланбек Жунусович

Өз арызы

№ 154,

15.12.2012-ж.

Ысык-Көл облусу 

Ысык-Көл району

 6

Абдрахманов айылдык

Маматалиев Эрлан Бакытович

Өз арызы

№ 153,

15.12.2012-ж.

 7

Жалиев Анарбек Койгелдиевич

Өз арызы

 8

Курманалиев Анарбек Эмилович

Өз арызы

 9

Бостери айылдык

Асеинов Кубатбек Рымович

Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№96, 4.06.2015-ж.

Жалал-Абад облусу 

Чаткал району

 10

Терек-Сай айылдык

Салибаев Уланбек Кожомкулович

Өз арызы

№ 144,

5.08.2013-ж.

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана

референдум өткөрүү боюнча борбордук

комиссиясынын 2015-жылдын

3-августундагы № 104 токтомунун

2-тиркемеси

 

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж.

Ээлеген кызматы, кызмат орду

Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими

Баткен облусу 

Баткен району 

 1

Дара айылдык

Эргешов Жаныш Бекчеевич

Жеке ишкер

№17,

27.07.2015-ж.

 2

Баткен шаардык

Толомушов Турсуналы Пирмамытович («Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы)

Убактылуу иштебейт

№3,

21.07.2015-ж.

 3

Раимкулов Аширбай Омурзакович («Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясы)

Убактылуу иштебейт

 4

 Султанмуратов Алтынбек Толубаевич («Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясы)

Убактылуу иштебейт

Нарын облусу

 5

Нарын шаардык

Калиева Мунара Тураровна

КРнын Улуттук жарым ай коомунун Нарын облусундагы өкүлчүлүгү, долбоорлор боюнча координатор

№7,

24.07.2015-ж.

Ысык-Көл облусу 

Ысык-Көл району

 6

Абдрахманов айылдык

Сопиев Жаныш Жетишович

Убактылуу иштебейт

№22,

14.05.2015-ж.

 7

Садыкеева Эльмира Асанбаевна

Убактылуу иштебейт

 8

Шамбетов Улан Таласбекович

Убактылуу иштебейт

 9

Бостери айылдык

Бексултанов Нурлан Беккулович

Убактылуу иштебейт

№23,

15.06.2015-ж.

Жалал-Абад облусу

Чаткал району

 10

Терек-Сай айылдык

Ташматов Абдижалил Мырзатаевич

КРнын Тоо-кен жана металлургия өнөр жайынын кызматкер-нин профсоюз комитети, Чаткал району боюнча өкүл

№2,

25.06.2015-ж.

Карап чыгуулар: (2022)