МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - КР БШКнын чечимдери
Центральная избирательная комиссия

№ 105 Б. Бакетаевге, vesti.kg, gezitter.org интернет сайттарын шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн эскертүү

Б. Бакетаев тарабынан vesti.kg, gezitter.org интернет сайттарына үтүрдөн кийин эки санга чейин тактыгы менен, иреге маанисин белгилеп «партиялардын активдүүлүк индексинин» эсептөөлөрүнүн жыйынтыктары тууралуу бир канча билдирүүлөр жарыяланган. Бул билдирүүлөргө «Ар-Намыс» саясий партиясынан доо арыз келип түшкөн. Б. Бакетаев бир беттик түшүндүрмө берген.

Үгүттүк мүнөзгө ээ билдирүүлөргө керектүү түшүндүрмөлөрдүн жана жарыяланган жыйынтыктардын негиздемелеринин жоктугун эске алуу менен, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-28-беренелерине ылайык жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

  • Б. Бакетаевге, vesti.kg, gezitter.org интернет сайттарына шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн эскертүү берилсин.
  • Ушул чечимдин көчүрмөсү Б.Бакетаевге, vesti.kg, gezitter.org интернет сайттарына жөнөтүлсүн.
  • Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  • Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
  •  

    ТӨРАГА                                                                    Т. АБДРАИМОВ

     

    Бишкек ш., 2015-жылдын 24-сентябры

    № 105

    Карап чыгуулар: (1581)