МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 105 2015-жылдын 6-июлунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 17-июнундагы № 63 токтому менен дайындалып, 2015-жылдын 6-июлунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын дарегине түшкөн арыздын негизинде жумушчу топ түзүлүп, анын берген маалымдамасына ылайык көрсөтүлгөн фактылар Балыкчы шаарынын мэрин шайлоонун найтыжасына таасир эткен эмес.

Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн Балыкчы шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2015-жылдын 6-июлунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын Балыкчы шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри болуп Шамшудинов Сатыбек Шарипович табылсын.

2. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                           Т. АБДРАИМОВ 

 

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 6-августу 

№ 105

 

2015-жылдын 6-августунда жарыяланды 

Карап чыгуулар: (1250)