МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 106 2015-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине кошумча шайлоо комиссияларын түзүү боюнча Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 3-августундагы № 10 жана Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 5-августундагы № 20 чечимдерин бекитүү жөнүндө

Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 3-августундагы № 10 жана Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 5-августундагы № 20 кошумча шайлоо комиссияларын түзүү боюнча чечимдерин карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,20-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12,15-беренелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 23-июлундагы № 76 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине Бишкек шаарында 39 кошумча шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндө Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 3-августундагы № 10 чечими бекитилсин   (№1 тиркеме).
  • Кыргыз Республи касынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине Ош шаарында 7 кошумча шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндө Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 5-августундагы № 20 чечими бекитилсин   (№2 тиркеме).
  • Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  • Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн.
  •  

    ТӨРАГА                                                             Т. АБДРАИМОВ 

     

    Бишкек ш., 2015-жылдын 6-августу 

    106

     

    2015-жылдын 6-августунда жарыяланды

    Карап чыгуулар: (1354)