МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 10 «Ош облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 155 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Эки саясий партиянын ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү учурунда Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесин бузууга жол берилгенине байланыштуу, жол берилген так эместиктерди жоюу максатында аймактык шайлоо комиссиясы саясий партиялардын ортосунда мандаттарды кайрадан бөлүштүрдү жана 2012-жылдын 22-декабрындагы жаңы протоколду кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесине, Ноокат аймактык комиссиясынын 2012-жылдын 22-декабрындагы протоколуна (тиркелет) ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Ош облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы №155 токтомунун «Замандаш-Современник» саясий партиясынан - Шеркулова Гульнара Беделовнаны жана «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан - Халмурзаев Эрмаматты Ноокат шаардык кеңешине шайланган депутат деп бекиткен бөлүгү жокко чыгарылсын жана алар шайланган депутаттардын тизмесинен чыгарылсын(№2 тиркеменин 9-пункту, № 155 Токтом).

2. Ноокат шаардык кеңешине шайланган депутаттардын тизмесине «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан Юнусова Назокатхан Абдимуталиповна, Жалалов Кадыр киргизилсин (№2 тиркеменин 9-пункту, № 155 Токтом).

3. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 22-декабрындагы протоколдору (№3, №4 тиркемелер) жана Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколу ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен бекитилсин.

4. Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин документтерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 ТӨРАГА                                                                             Т.АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2013-жылдын 19-январы

№ 10

 

 

Карап чыгуулар: (1787)