№ 110 Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 6-июнундагы № 308 буйругу менен Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри М.Д. Койчиев Жалал-Абад облусунун прокурорунун 2016-жылдын 1-июнундагы № 11/1-2-316-16 сунушунун жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 18 буйругу менен Красная-Речка айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.А. Алиев, Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2016-жылдын 2-июнундагы № 142 буйругу менен Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С. Мурзакматов берген арыздарынын негизинде, ээлеген кызматтарынан бошотулган. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 6-июнундагы № 310 буйругу менен Баткен облусунун Лейлек районунун Катран айыл өкмөтүнүн башчысы А.А. Исаев Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин биринчи орун басары болуп дайындалган. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жана 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө” жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Красная-Речка, Сокулук районунун Военно-Антоновка, Баткен облусунун Лейлек районунун Катран айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2016-жылдын 4-июлуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн. 2. Кара-Көл, Ысык-Ата, Сокулук жана Лейлек аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун. 3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р. Джолбуновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2016-жылдын 15-июну № 110 |
Карап чыгуулар: (2016) |