МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 110 2011-жылдын 13-июлундагы № 16 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентин “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынынын талаптарына шайкеш келтирүү, Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин уюштуруусун өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдмк актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин, 10-беренесинин 1,4-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

 ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. 2011-жылдын 13-июлундагы № 16 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-3-беренесиндеги “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын” деген сөздөр “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын” деген сөздөргө алмаштырылсын;

-13-беренесиндеги 2-абзац алып салынсын;

-13-беренесиндеги 3-абзацындагы “ашык” деген сөз алып салынсын;

-13-беренесиндеги 4-абзац алып салынсын;

-18-берене төмөнкү мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:

“шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде түзүлгөн жумушчу топтордун жетекчилери болуп дайындалган Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы менен макулдашуусу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган шайлоо процесстин субъектилерине Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий бланкында каттарга өз колдорун коюп жөнөтүүгө укуктуу”;

-34-беренесинин 2-абзацындагы “төмөн турган шайлоо комиссияларын таркатуу” деген сөздөр “, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын, төрагасынын орун басарларын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу” деген сөздөр менен толукталсын;

-43-берене төмөнкү мазмундагы 5-абзац менен толукталсын:

“Баш ийген жана башка мекемелерге, жарандарга жиберилүүчү документтерге түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери компетенцияларына ылайык кол коюуга укуктуу”.

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                             Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2017-жылдын 6-майы

№ 110

Карап чыгуулар: (977)