МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - КР БШКнын чечимдери
Центральная избирательная комиссия

№ 111 «Аргументы и Факты Кыргызстан» газетасына шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн эскертүү жөнүндө

«Аргументы и Факты Кыргызстан» газетасынын 2015-жылдын 22-сентябрдагы № 39 (1820) санында «Бир Бол» мамлекеттик биримдик жана патриоттуулук саясий партиясынын  талапкери И.В.Чудинов менен болгон дилмаек жарык көргөн. Бул басылмада  Россия Федерациясынын Президенти  менен түшкөн сүрөт пайдаланылган. «Аргументы и Факты Кыргызстан» газетасынын билдирүүсүнө ылайык бул сүрөт өзүнүн демилгеси боюнча  жаңылыштык менен жайгаштырылган.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11, 22-28-беренелерине ылайык жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

  • Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн «Аргументы и Факты Кыргызстан» газетасына эскертүү берилсин.
  • Саясий партиялар, массалык маалымат каражаттары, интернет булактары жана маалымат агенттиктери шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин катышуусундагы фото- жана видеоматериалдарды колдонууга тыюу салынгандыгы тууралуу маалымдалсын.
  • Бул чечимдин көчүрмөсү «Аргументы и Факты Кыргызстан» газетасына жана катталган саясий партияларга жөнөтүлсүн.
  • Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  • Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн. 
  •   

    Төраганын

    орун басары                                                               А. Шайымкулова 

     

    Бишкек ш., 2015-жылдын 26-сентябры

    № 111

    Карап чыгуулар: (1628)