МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 111 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссиялары бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча токтомдорунун бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.

3. Аймактык шайлоо комиссиялардын “Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү” 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.

4. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.

5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берсин.

6. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                     Т.АБДРАИМОВ

   

Бишкек ш., 2016-жылдын 15-июну

№ 111

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана

референдум өткөрүү боюнча борбордук

комиссиясынын 2016-жылдын 15-июнундагы

№ 111 токтомунун 1-тиркемеси

 

 

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган

жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси 

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж.

Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби

Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы

Жалал-Абад облусу 

Жалал-Абад шаары

 

Жалал-Абад шаардык

Эрматов Нурдин Манапович ( “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы)

Өз арызы

№152,

15.12.2012-ж.

 

Маматов Нурлан Жанышович  ( “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы)

Өз арызы

№152,

15.12.2012-ж.

Ала-Бука району

 

Т. Балтагулов айылдык

Аракеев Бакытбек Мамырбекович

Өз арызы, муниципалдык  кызматка дайындалган

№152,

15.12.2012-ж.

Тогуз-Торо району

 

Атай  айылдык

Бобукеев Бакдөөлөт Рыскулбекович

Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№71,

11.04.2016-ж.

Ноокен району

 

Ноокен айылдык

Казакбаев Мелисбек Алтымышович

Өз арызы, мамлекеттик  кызматка дайындалган

№152,

15.12.2012-ж.

Ош облусу

Кара-Суу  району

 

Нариман айылдык

Зикиров Максат Сагинбаевич

Өлгөндүгүнө байланыштуу

№155,

15.12.2012-ж.

Өзгөн району

 

Дөң-Булак айылдык

Алиев Медербек Токтогулович

Өз арызы, мамлекеттик  кызматка дайындалган

№155,

15.12.2012-ж.

Нарын облусу

Жумгал району

 

Куйручук айылдык

Асанов Талантбек Турганбекович

Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№69,

11.04.2016-ж.

Чүй облусу

Сокулук району

 

Асылбаш айылдык

Уметалиев Тилектеш Токтобекович

Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№157,

15.12.2012-ж.

Ысык-Ата району

 

Ново-Покровка айылдык

Рузиева Дильбара Турсуновна

Айылдык кеңештин сессияларына бир нече жолу себепсиз катышпагандыгы үчүн

№157,

15.12.2012-ж.

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо

      жана референдум өткөрүү боюнча

      борбордук комиссиясынын

          2016-жылдын 15 - июнундагы

  № 111 токтомунун 2-тиркемеси

 

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси

 

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж.

Ээлеген кызматы, кызмат орду

Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад шаары

 

Жалал-Абад шаардык

Абдибеков Сулайман Ирисбекович ( “Өнүгүү – Прогресс” саясий партиясы)

ЖЧК “Дос-Курулуш” курулуш компаниясынын директору

№5,

01.06.2016-ж.

 

Сатыбалдиева Анархан Нуралиевна  ( “Өнүгүү – Прогресс” саясий партиясы)

Жалал-Абад шаардык РЭС кызматынын ПТС башчысы

№ 4,

01.06.2016-ж.

Ала-Бука району

 

Т. Балтагулов айылдык

Надыров Жанышбек Нажимидинович

Ала-Бука районунун Ызар айылындагы “Сулайман-Суу” СПАсынын директору

№6,

06.06.2016-ж.

Тогуз-Торо району

 

Атай айылдык

Кочкоров Романбек Эстебесович

Убактылуу иштебейт

№18/1,

06.06.2016-ж.

Ноокен району

 

Ноокен айылдык

Раимбердиев Уланбек Койчуевич

Ноокен айыл округундагы № 8 Т. Орозматов атындагы орто мектебинде мугалим

№5,

13.06.2016-ж.

Ош облусу

Кара-Суу  району

 

Нариман айылдык

Кадыров Исламбек Камалович

КРӨ МКК Ноокат райондук КЖААКДнын ПВКИ бөлүмүнүн башкы адиси

№41,

06.06.2016-ж.

Өзгөн району

 

Дөң-Булак айылдык

Жусупов Өмүрбек Ильясович

Өзгөн райондук ЖЖКМУК департаментинин КР Мамкаттоо кызматынын жер адиси

№21,

07.06.2016-ж.

Нарын облусу

Жумгал району

 

Куйручук айылдык

Айтбек уулу Чынгышбек

Убактылуу иштебейт

№48,

06.06.2016-ж.

Чүй облусу

Сокулук району

 

Асылбаш айылдык

Байбеков Төлөнбек Шаршенович

“Байыш” базарында контролер

№41,

13.06.2016-ж.

Ысык-Ата району

 

Ново-Покровка айылдык

Касымов Аскара Тумурчинович

“Темир” Мамлекеттик ишканасында даярдоочу

№11,

07.06.2016-ж.

               

 

Карап чыгуулар: (1204)