МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 113 Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Жумгал райондук сотунун айыптоочу өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2015-жылдын 25-июлундагы № 35 буйругунун негизинде Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.К. Бийсеев ээлеген кызматынан бошотулган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  • Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2015-жылдын 28-августуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
  • Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
  • Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  • Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн. 
  •  

    ТӨРАГА                                                             Т. АБДРАИМОВ 

     

     

    Бишкек ш., 2015-жылдын 11-августу 

    113

     

    2015-жылдын 11-августунда жарыяланды 

    Карап чыгуулар: (1378)