МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№115 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 11-июнундагы № 106 токтому менен Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Кум-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 28-июнуна дайындалып, бирок кворум болбой калгандыктан шайлоо өткөн эмес.

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн   башчыcы башка кызматка которулгандыктан, Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 18-июнь 2013-жылдагы             № 120/1-б буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган.

    «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын          6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын            49-беренесиндеги 2-, 5-бөлүктөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

                                          ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын – төмөнкү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2013-жылдын 26-июлуна дайындалсын:

-  Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Кум-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо;

-   Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоо.

2.  Ат-Башы жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

3.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4.  Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Б. Д. Максутбаевке жүктөлсүн.

 

          ТӨРАГА                                                              Т. АБДРАИМОВ

 Бишкек ш., 2013-жылдын 4-июль

№ 115

Карап чыгуулар: (1787)