МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 127 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин  2015-жылдын 14-августунда №3/23 буйругу менен Садыр Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Орозакунов К.Т., Садыр Аке айылдык кеңешинин депутаттарынын ишеним көрсөтпөө жөнүндө 2015-жылдын  20-июлундагы  №81 токтомунун негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы №423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө”  жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  • Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2015-жылдын 17-сентябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
  • Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
  • Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  • Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн. 
  •  

               ТӨРАГА                                                           Т.АБДРАИМОВ

     

    Бишкек ш. 2015-жылдын 29-августу

    № 127

     

    2015-жылдын 29-августунда жарыяланды 

    Карап чыгуулар: (1693)