МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 127 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендердин формаларын жана коргоо даражасын бекитүү жөнүндө

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 15-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендердин формалары бекитилсин (1-тиркеме, №1, №2 формалар).

2. 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендердин коргоо даражасы бекитилсин (2-тиркеме).

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 7-февралындагы “2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формаларын жана коргоо даражасын бекитүү жөнүндө” № 30 жана  2012-жылдын 13-мартындагы “2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формаларын жана коргоо даражасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 7-февралындагы № 30 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу” № 45 токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул   токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага  жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                                         Т. АБДРАИМОВ

  Бишкек ш., 2012-жылдын 24-октябры

            № 127

Карап чыгуулар: (1396)