МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 128 Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын Арашан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорун бекитүү тууралуу

2012-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 4-октябрындагы № 106 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү.Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 24-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 3-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө» Жобонун 38-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү деп табылсын.

2. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин.

3. Абасканов Алтынбек Джетыканович Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп эсептелсин.

4. Айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 ТӨРАГА                                                                                         Т.АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2012-жылдын 30-октябры

№ 128

Карап чыгуулар: (1436)