МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 128 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссиялары бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча токтомдорунун бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын каттоосу, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.

4.  Аймактык шайлоо комиссиялардын “Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү” 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.

5. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.

6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берсин. 

7.  Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.

9.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.

 

 

 ТӨРАГА                                                         Т.АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш. 2015-жылдын 29-августу

№ 128

 

2015-жылдын 29-августунда жарыяланды 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2015-жылдын 29-августундагы

№ 128 токтомунун 1-тиркемеси

 

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган

жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси

 

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж.

Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби

Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы

Ысык-Көл облусу 

Балыкчы шаары

 1

Балыкчы шаардык

Шамшудинов Сатыбек Шарипович (“Айкөл” шайлоочулар тобу)

Өз арызы, мэр болуп шайланган

№ 53,

28.03.2012-ж.

Чүй облусу

Жайыл району

 2

Кара-Балта шаардык

Назаров Айтмамат Кошоевич («Кыргызстан социал-демократиялык партиясы») саясий партиясы

Өз арызы

№ 157,

15.12.2012-ж.

 3

Бадалов Назми Азреталыевич

Өз арызы

Ош облусу 

Кара-Суу району 

 4

Кызыл-Суу айылдык

Эрмаматов Эсен Тажимаматович

Өз арызы

№ 155,

15.12.2012-ж.

 5

Дадабаев Кылычбек Раимбердиевич

Өз арызы

№ 28,

28.02.2014-ж.

Жалал-Абад облусу 

Тогуз-Торо району

 6

Тогуз-Торо айылдык

Рыскул уулу Алтынбек

Муниципалдык кызматка дайындалган

№ 144,

5.08.2013-ж.

Бишкек шаары

 7

Бишкек шаардык

Сагынов Таалайбек Джолдошбекович («Замандаш-Современник» саясий партиясы)

Өз арызы

№ 158,

15.12.2012-ж.

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана

референдум өткөрүү боюнча борбордук

комиссиясынын 2015-жылдын

29-августундагы № 128 токтомунун

2-тиркемеси

 

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж.

Ээлеген кызматы, кызмат орду

Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими

Ысык-Көл облусу

Балыкчы шаары

 1

Балыкчы шаардык

Шаасанов Турарбек (“Айкөл” шайлоочулар тобу)

№10 “Манас” атындагы орто мектеби, мугалим

№ 28/1,

10.08.2015-ж.

Чүй облусу

Жайыл району

 2

Кара-Балта шаардык

Турарова Бегимжан Жаманкараевна («Кыргызстан социал-демократиялык партиясы») саясий партиясы

Жеке ишкер

№ 41,

13.08.2015-ж.

 3

Сариева Джумагуль Керимовна

Н.И.Пирогов атындагы медициналык колледжи, аткаруучу директор

№ 42,

20.08.2015-ж.

Ош облусу

Кара-Суу району

 4

Кызыл-Суу айылдык

Мурзабаев Каныбек Мамытович

Жеке ишкер

№ 99,

30.07.2015-ж.

 5

Тайлаков Кочконбай Топчубаевич

Жеке ишкер

Жалал-Абад облусу

Тогуз-Торо району

 6

Тогуз-Торо айылдык

Эшенкулов Артыкбек Маканович

“Макмалалтын”  комбинаты, жумушчу

№ 1,

10.08.2015-ж.

Бишкек шаары

 7

Бишкек шаардык

 Акматова Каныкей Болотбековна («Замандаш-Современник» саясий партиясы)

“Автомаш-Энерго” ЖЧК, юрист

№ 12,

27.08.2015-ж.

             

 

Карап чыгуулар: (1065)