МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - КР БШКнын чечимдери
Центральная избирательная комиссия

№ 129 Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн «Ата-Мекен» саясий социалистик партиясын эскертүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Бишкек шаарынын 5-кичи районунун №72/1 үйдүн жашоочуларынан даттануу, «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясынан арыз жана Бишкек шаарынын мэриясынан кат келип түшкөн. Көрсөтүлгөн дарек боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясынын  шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелери бузулгандыгы  аныкталды.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-28-беренелерине ылайык жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

  • Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштеринин эрежелерин бузгандыгы үчүн «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясына эскертүү берилсин.
  • Бул чечимдин көчүрмөсү «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясына жөнөтүлсүн.
  • Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
  • Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
  •  

    ТӨРАГА                                                                    Т. АБДРАИМОВ

     

    Бишкек ш., 2015-жылдын 1-октябры

    № 129

    Карап чыгуулар: (1379)