МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 129 Чүй облусунун Кемин, Москва, Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын, Талас облусунун Талас, Кара-Буура, Бакай-Ата, Манас аймактык шайлоо комиссияларынын, Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 6, 7-пункттарына, 19-беренесинин 2, 4, 6, 7-бөлүктөрүнө, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1, 10-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары-БШК) 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таратуунун тартиби жөнүндө” Жобого, БШКнын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык, Ж.С. Токторбаеванын, С.А. Момунованын, А.С. Мамбеталиеванын, Н.А. Бугаеванын, А.Д. Молдалиевдин, Т.А. Байгондиевдин, Т.М. Молдошовдун, Г.М. Касымованын, Р.Х. Юсуздун, З.А. Балбаковдун, О.М. Асатуллаевдин, Ш.Т. Суеркуловдун, О.Т.Жумабаевдин, С.М. Акымбековдун,
С.А. Кебекованын, Э.М. Малдыбаеванын, А.А. Ахметовдун, А.М. Дуйшеналиевдин,  Ч.С. Шатемированын, А. Мамытовдун, К.С. Сагыновдун арыздарынын, Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылдык округунун Кеңешинин 2012-жылдын 3-октябрындагы № 296 токтомунун, Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын жыйналышынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Чүй облусунун Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- курамынан комиссиянын мүчөсү “Кыргызстан социалисттик –демократиялык партиясы” саясий партиясынан Токторбаева Жэнбюбю Сыпкеевна чыгарылсын;

- резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Маралиева Айнагуль Сайфулаевна чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына “Улуу биримдик” «Улуу Биримдик» улутчул-демократиялык партиясынан – Шаршеева Рыскуль Кожокеевна киргизилсин.

2. Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- курамынан комиссиянын төмөнкү мүчөлөрү чыгарылсын: “Туран” демократиялык партиясы” саясий партиясынан Момунова Салтанат Анарбековна, «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан – Мамбеталиева Айжамал Шайлообековна; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан – Бугаева Наталья Александровна;

- резервден төмөнкүлөр чыгарылсын: “Замандаш-Современник” саясий партиясынан – Молдалиев Айбек Джумабаевич; “Партия зеленых Кыргызстана” саясий партиясынан – Байгондиев Талантбек Адылович, Ата Мекен” социалисттик саясий партиясынан – Молодошов Турсунакун Макенович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан –Касымова Гульжамал Мусулманкуловна, Юсуз Рахим Хавазович, Юсупова Дамира Советовна;

- резервге төмөнкүлөр киргизилсин: жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан – Лыба Светлана Алексеевна, Осмоналиева Анипа Шаршенбаевна, Полотова Салима Абитаевна;

- комиссиянын курамына резервден төмөнкүлөр киргизилсин: “Ар-Намыс” саясий партиясынан Асанбеков Анарбек, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан – Астаркулов Алмасбек Асынбекович, Лыба Светлана Анатольевна.

3. Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Балбаков Замир Асанкулович, Асатулаев Алымжан Миталжанович чыгарылсын.

4. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- курамынан комиссиянын мүчөсү “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынан Суеркулов Шамшарбек Тажыырзаевич чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден “Ата-Журт” мекенчил партиясы” саясий партиясынан Эргешов Сейитбек Ахунович киргизилсин. 

5. Талас  облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- курамынан комиссиянын мүчөсү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан – Саткыналиев Мирлан Анарбекович чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан – Тойгонбаева Орунбүбү киргизилсин.

 6. Талас облусунун Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- курамынан комиссиянын төмөнкү мүчөлөрү чыгарылсын:

«Ак-Шам» Жаратман мекенчилер саясий партиясынан Жумабаев Осмонбек Тологонович, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан Акымбеков Сапарбай Мамытканович;

         - комиссиянын курмына резервден төмөнкүлөр киргизилсин: “Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы” саясий партиясынан Байсейитова Гульсаада Абдиевна, «Улуу Биримдик» улутчул-демократиялык партиясынан – Мырзабалы уулу Ильгиз.

7. Талас облусунун Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- курамынан комиссиянын төмөнкү мүчөлөрү чыгарылсын: “Республика” саясий партиясынан Кебекбаева Сыягуль Асымбековна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан – Малдыбаева Эльмира Муратбековна.

- комиссиянын курамына резервден «Ата Мекен» саясий социалисттик партиясынан Сманов Бакытбек Жалилович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан – Жумабаева Гулнара Азимкуловна киргизилсин.

 8. Талас облусунун Манас аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- курамынан комиссиянын төмөнкү мүчөлөрү чыгарылсын: “Акшумкар” саясий партиясынан Ахметов Абдрашит Абдрахимович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан – Дуйшеналиев Аскарбек Масалбекович.

- комиссиянын курамына резервден «Туран” демократиялык партиясы» саясий партиясынан Жумалиева Гульжан Сейиткадыровна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан – Маматаев Мелискан Суйундуевич киргизилсин.

 9. Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- курамынан комиссиянын төмөнкү мүчөлөрү чыгарылсын: Кыргызстан демократиялык кыймылы” саясий партиясынан – Шатемирова Чынара Касымалиевна, “Республика” саясий партиясынан – Мамытов Асан,  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан - Сагынова Кубанычбека Саламатович;

- резервден комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин: “Кыргызстан социалисттик-демократиялык партиясы” саясий партиясынан Абдыраманов Азамат Турумкулович, “Каганат” саясий партиясынан - Исакова Гульзат Монолдоровна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан - Карыбаев Толубек.

10. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана БШКнын расмий сайтына жайгаштырылсын.

11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                    Т.АБДРАИМОВ

 Бишкек ш., 2012-жылдын 30-октябры

№ 129

 

Карап чыгуулар: (1562)