МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 129 2014-жылдын 21-октябрында, 10-ноябрында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 7-октябрындагы № 116 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2014-жылдын 21-октябрында, 2014-жылдын 22-октябрындагы № 118 токтому менен дайындалган Ош облусунун Өзгөн районунун Көлдүк айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2014-жылдын 10-ноябрында өткөрүлдү.

Ак-Талаа, Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  • 2014-жылдын 21-октябрында өткөрүлгөн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
  • 1.1. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

    1.2. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Искендеров Талапбай табылсын.2014-жылдын 10-ноябрында өткөрүлгөн Ош облусунун Өзгөн районунун Көлдүк айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

    2.1. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын Көлдүк айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

    2.2. Ош облусунун Өзгөн районунун Көлдүк айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Караев Советбек Ормонбекович табылсын.

    3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

    4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

    5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары П.П. Баженовго жүктөлсүн.

     

     

    ТӨРАГА                                                                             Т. АБДРАИМОВ

     

     

    Бишкек ш., 2014-жылдын 27-ноябры 

    № 129

     

    Карап чыгуулар: (1155)