МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 129 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссиялары бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча токтомдорунун бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.

3. Аймактык шайлоо комиссиялардын “Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү”        2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.

4. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.

5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берсин.

6. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

           

Бишкек ш., 2016-жылдын 14-июлу

№129

 

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум

өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2016-жылдын 14-июлундагы

№ 129 токтомунун 1-тиркемеси

 

 

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган

жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси 

 

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы
Жалал-Абад облусу
Ала-Бука району
  Ала-Бука айылдык Айтакалов Акылбек Мамадалиевич Өз арызы №43, 30.04.2015-ж.
Баткен облусу 
Кадамжай району
  Майдан  айылдык Калбаев Ысак Пазилидинович Өз арызы №107, 3.08.2014-ж.
Ысык-Көл облусу
Каракол шаары
  Каракол шаардык Раматов Марат Садинович (“Республика-Ата Журт” саясий партиясы) Өз арызы №75, 11.04.2016-ж.

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2016-жылдын 14 - июлундагы

№ 129 токтомунун 2-тиркемеси

 

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж. Ээлеген кызматы, кызмат орду Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими  
Жалал-Абад облусу  
Ала-Бука району  
  Ала-Бука айылдык Доолбекова Гулжан Убактылуу иштебейт №5, 12.07.2016-ж.  
Баткен облусу  
Кадамжай району  
  Майдан  айылдык Наринова Орозбу Эргашевна Убактылуу иштебейт №8, 6.07.2016-ж.  
Ысык-Көл облусу
Каракол шаары
  Каракол шаардык Кулинова Лола Абдурахмановна (“Республика-Ата Журт” саясий партиясы) “Волна Иссык-Куля” радиосу, директор №44, 6.07.2016-ж.
                 
Карап чыгуулар: (1106)