МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 130 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 20-октябрындагы № 180-б буюрмасы менен Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б. Кадыркулов, Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2014-жылдын  27-ноябрындагы № 339-б буйругу менен Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы Ю.М. Акматов өздөрүнүн берген арыздарынын негизинде ээлеген кызматтарынан бошотулган, ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана айылдык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясы өткөрүлгөн.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Чүй облусунун Москва районунун Петровка, Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер, Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2014-жылдын 26-декабрына саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалсын.

2.  Москва, Өзгөн, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

3.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                             Т. АБДРАИМОВ

 

 

Бишкек ш., 2014-жылдын 8-декабры 

№ 130

 

Карап чыгуулар: (1997)