МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 131 2014-жылдын 20, 25-ноябрында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 6-ноябрындагы № 122 токтому менен дайындалган Ош облусунун Өзгөн районунун Чангет айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2014-жылдын 20-ноябрында; Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка, 2014-жылдын 6-ноябрындагы № 124 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2014-жылдын 25-ноябрында өткөрүлдү.

Өзгөн, Талас, Түп, Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  • 2014-жылдын 20-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Өзгөн районунун Чангет айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
  • 2014-жылдын 25-ноябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
  • Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
  • 4. Тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп эсептелсин (тиркелет).

    5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

    6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

    7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

     

    ТӨРАГА                                                               Т. АБДРАИМОВ

    Бишкек ш., 2014-жылдын 8-декабры 

    № 131

     

     

     

     

    Кыргыз Республикасынын

    Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

    борбордук комиссиясынын

     2014-жылдын 8-декабрындагы 

     № 131 токтомунун тиркемеси

     

    Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын тизмеси

    Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы

    Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын шайланган башчысынын ФАЖ

     

    Шайлоо өткөрүлгөн күнү

    Ош облусу

    Өзгөн району

    Кайра шайлоо

    1.

    Чангет

    Эшиев Торобек Саматович

    20.11.2014-ж.

    Талас облусу

    Талас району

    2.

    Бекмолдо

    Абдыкадыров Токтогул Мырзакулович

    25.11.2014-ж.

    Ысык-Көл облусу

    Түп району

    3.

    Михайловка

    Отунчиев Талайбек Акматович

    25.11.2014-ж.

    Жети-Өгүз району

    4.

    Тамга

    Алымбеков Джаанбай Урсейитович

    25.11.2014-ж.

             

     

    Карап чыгуулар: (1447)