МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№132 Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелеринин, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык, ошондой эле Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо материалдарын иликтөө боюнча жумушчу топтун маалымкатынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  •  “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын - айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 5-сентябрында кабыл алынган № 143 токтомунун Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча бөлүгү жокко чыгарылсын.
  • Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2014-жылдын 26-декабрына саат 9:00дөн 12:00гө чейин дайындалсын.
  • Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
  • Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  • Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
  •  

     

    ТӨРАГА                                                                  Т. АБДРАИМОВ

     

     

    Бишкек ш, 2014-жылдын 8-декабры

    №132

    Карап чыгуулар: (1623)