![]() № 132 2015-жылдын 28-августунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө жана 2-сентябрында өткөрүлгөн Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 11-августундагы №113 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын 2015-жылдын 28-августунда өткөрүлгөн шайлоо боюнча Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун жана 2015-жылдын 14-августундагы №120 токтому менен дайындалган Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын 2015-жылдын 2-сентябрында өткөрүлгөн шайлоо боюнча Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 28-августунда болуп өткөн Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын. 1.1 Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 1.2 Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Мойноков Алтынбек Каныбекович табылсын. 2. 2015-жылдын 2-сентябрында болуп өткөн Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын. 2.1 Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 2.2 Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Турдумаматов Каримжан Тургунбаевич табылсын. 3. Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө жана Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөттөрүнүн шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 7-сентябры, № 132
2015-жылдын 7-сентябрында жарыяланды |
Карап чыгуулар: (1403) |