МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 133 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 28-августундагы №402 буйругу менен Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэри К.У Сатыбалдиев., Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2015-жылдын 2-сентябрындагы №143 буйругу менен  Ничке-Сай  айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Б. Нурматов жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2015-жылдын 1-сентябрындагы №3/25 буйругу менен Абдрахманов айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Б.Исмаилов өздөрүнүн берген арыздарынын негизинде ээлеген кызматтарынан бошотулган.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине, Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы №423 жана №424 токтомдору менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө”, “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  • Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэрин, Токтогул районунун Ничке-Сай, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Абдрахманов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын  шайлоо 2015-жылдын 25-сентябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
  • Майлуу-Суу, Токтогул, Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
  • Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  • Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
  •  

               ТӨРАГА                                                           Т.АБДРАИМОВ

     

    Бишкек ш. 2015-жылдын 7-сентябры

    № 133

     

    2015-жылдын 7-сентябрында жарыяланды 

    Карап чыгуулар: (1369)