![]() № 134 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенинин текстин бекитүү жөнүндө |
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 2,4–бөлүктөрүнө, шайлоо бюллетенине киргизүү үчүн катталган саясий партиялардын кезектерин аныктоо боюнча 2015-жылдын 5-сентябрындагы чүчү кулак өткөрүүнүн протоколуна ылайык жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүү үчүн шайлоо бюллетенинин тексти мамлекеттик жана расмий тилдерде бекитилсин (тиркелет). 2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовко жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 7-сентябры №134
2015-жылдын 7-сентябрында жарыяланды |
Карап чыгуулар: (1680) |