МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 136 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына Н.А. Касымбековду каттоо жөнүндө

“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган Ниязалиева Дамира Абаскановнанын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-бересенинин 1-бөлүгүнүн 2, 25-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкер Касымбеков Нурбек Айтыевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын  жана катталсын.

2. “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайланган депутаты Касымбеков Нурбек Айтыевичке белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                 Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2014-жылдын 29-декабры 

№ 136

Карап чыгуулар: (2679)