МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 138 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1-бөлүгүн,  “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 21-пунктун, “Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңештин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо эл аралык (чет өлкөлүк)  байкоочулардын иш-аракеттеринин,  статусунун жана ыйгарым укуктарынын тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочу катары аккредиттөө жөнүндө берилген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эл аралык байкоочу катары төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү аккредитациялансын:

- Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (1-тиркеме);

- Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын (2-тиркеме);

- Улуттук демократиялык институтунун (3-тиркеме);

- Эл аралык Республикалык институтунун (4-тиркеме).

2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.

 ТӨРАГА                                                                                           Т. АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2012-жылдын 12-ноябры

№ 138

 

 

1-тиркеме

Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредиттацияланган эл аралык байкоочулардын тизмеси

Кб.

Байкоочу өкүлчүлүк кылган эл аралык уюм  

Ф.А.А.

 

Өлкө

Ээлеген кызмат орду  

01

Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо

Турганкулов Куандык

Казакстан Республикасы

Казакстан Республикасынын БШКнын Төрагасы

02

Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо

Байгараев

Донат

Есентаевич

Казакстан Республикасы

Казакстан Республикасынын БШКнын Төрагасынын кеңешчиси

 

2-тиркеме

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредитацияланган эл аралык байкоочулардын тизмеси

Кб.

Байкоочу өкүлчүлүк кылган эл аралык уюм  

Ф.А.А.

 

Өлкө

Ээлеген кызмат орду  

03

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы

Гизо

Мчедлидзе

Грузия

Грузия БШКнын катчысы

04

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы

Иосиф

Татарашвили

Грузия

Грузия БШКнын мүчөсү

3-тиркеме

Улуттук демократиялык институтунан аккредитацияланган
эл аралык байкоочулардын тизмеси

Кб.№

Байкоочу өкүлчүлүк кылган эл аралык уюм

Ф.А.А.

 

Өлкө

Ээлеген кызмат орду

05

Улуттук Демократиялык Институту

Кирин

Скотт

Американын кошмо штаттары

Аймактык директор

 

4-тиркеме

Эл аралык республикалык интситутунан

аккредитацияланган эл аралык байкоочулардын тизмеси

Кб.

Байкоочу өкүлчүлүк кылган эл аралык уюм  

Ф.А.А.

 

Өлкө

Ээлеген кызмат орду  

05

Эл аралык республикалык интситуту

Смарт

Джейсон

Американын кошмо штаттары

Директор

Карап чыгуулар: (1367)