№ 138 «Бишкек, Ош шаарларында, Ош облусунун Кара-Суу, Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунда шайлоо дареги боюнча шайлоочулардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн кошумча шайлоо комиссияларды түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 23-июлундагы № 76 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу |
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. «Бишкек, Ош шаарларында, Ош облусунун Кара-Суу, Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунда шайлоо дареги боюнча шайлоочулардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн кошумча шайлоо комиссияларды түзүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 131 токтомунун редакциясындагы) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 23-июлундагы № 76 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: - токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Бишкек жана Ош шаарларында шайлоо дареги боюнча шайлоочулардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн кошумча шайлоо комиссияларды түзүү жөнүндө» - токтомдун жүйөөлөрүн көрсөтүү бөлүгүндө «Ош облусунун Кара-Суу, Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунун» деген сөздөр алып салынсын; - токтомдун бүткүл тексти боюнча «Кара-Суу, Аламүдүн жана Сокулук» деген сөздөр алып салынсын; - 2-пункттун 2-абзацы «Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү,» деген сөздөрдөн кийин «калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын операторлору» деген сөздөр менен толукталсын. 2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженов жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 15-сентябры № 138
2015-жылдын 15-сентябрында жарыяланды |
Карап чыгуулар: (1953) |