№ 139 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө | |||||||||||||||
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 21-пунктун, “Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңештин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын иш-аракеттеринин, статусунун жана ыйгарым укуктарынын тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочу катары аккредиттөө жөнүндө берилген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Эл аралык байкоочу катары “Восток-Запад” Британиялык борборунун өкүлдөрү аккредитациялансын (тиркелет). 2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин. 3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн. ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 19-ноябры № 139 Тиркеме
«Восток – Запад» Британиялык борборунан аккредитацияланган эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ
| |||||||||||||||
Карап чыгуулар: (1802) |