МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 140 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Жалал-Абад, Чаткал, Сузак, Токмок жана Ош аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын        6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Жалал-Абад, Чаткал, Сузак, Токмок жана Ош аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийин турган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу токтомдорунун 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттары боюнча бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп табылсын.

3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.

4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                             Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

  

Бишкек ш., 2016-жылдын 6-сентябры

№140

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын

2016-жылдын 6-сентябрындагы

№ 140 токтомунун 1-тиркемеси

 

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган

жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси 

 

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А.

Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби

Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад шаары

 

Жалал-Абад шаардык

Акамбаев Тилек Бурканович (“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы)

Өз арызы

№152,

15.12.2012-ж.

 

Туманов Мирлан Келдибекович (“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы)

Өз арызы

 

Ибрагимов Сироджидин Инабидинович (“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы)

Өз арызы

№43,

7.03.2014-ж.

 

Сатарова Эльмира Аскербаевна (“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы)

Өз арызы

№152,

15.12.2012-ж.

Чаткал району 

 

Каныш-Кыя айылдык

Байдулетов Абдырахман Сатыбалдиевич

Өз арызы

№152,

15.12.2012-ж.

 

Кулумбетов Нурланбек Кудайбердиевич

Өз арызы

Сузак району

 

Багыш айылдык

Маматканов Кеңешбек Апсалиевич

Өз арызы

№152,

15.12.2012-ж.

Чүй облусу

 

Токмок шаардык

Усупбеков Калыс Дамирбекович (“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы)

Өз арызы

№76,

11.04.2016г.

Ош шаары

 

Ош шаардык

Сайбидинов Маратбек Сайбидинович (“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы)

Өз арызы

№77,

11.04.2016-ж. 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2016-жылдын 6- сентябрындагы

№ 140 токтомунун 2-тиркемеси

 

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси

 

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж.

Ээлеген кызматы, кызмат орду

Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад шаары

 

Жалал-Абад шаардык

Апиев Алексей Турдукулович (“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы)

Жеке ишкер

№10, 16.08.2016-ж.

 

Паизов Азамат Мамазакирович (“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы)

Жалал-Абад РЭС, директордун орун басары

 

Мамасадыков Абдибает Асанович (“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы)

Экономика жана ишкердик университет, ректор

 

Кудашова Гулмира Айылчиевна (“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы)

“Бакай Банк” ААК унун Жалал-Абад филиалы, жетекчи

Чаткал району

 

Каныш-Кыя айылдык

Алибеков Абдыразак Райович

Кайың-Суу орто мектеби, мугалим

№2, 16.08.2016-ж.

 

Камчыбеков Жоомарт Токонович

Жайыт комитетинин төрагасы

Сузак району

 

Багыш айылдык

Саражиев Алмамат Баймаматович

“Дуслик” ААК, генералдык директор

№8,

25.08.2016-ж.

Чүй облусу

 

Токмок шаардык

Ваншу Гайсыр Омарович (“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы)

Убактылуу иштебейт

№76,

11.04.2016г.

Ош шаары

 

Ош шаардык

Турдуев Ильяз Эрмекович

(“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы)

Ош ТУ  ЭФ,  декандын орун басары

№28,

19.08.2016-ж.

               
Карап чыгуулар: (906)