![]() № 140 «Бир Бол» мамлекеттик биримдик жана патриоттуулук, «Аалам-партияга кирбегендердин партиясы» саясий партияларына расмий жазуу жүзүндө эскертүү берүүнү чыгаруу жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы «Саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө, шайлоо кампаниясы менен түздөн-түз байланышкан башка иш чаралардын аткарылышында каржылоонун белгиленген тартибинин сакталышы жөнүндө» көзөмөлдөө-текшерүү тобунун маалыматын карады. «Аалам-партияга кирбегендердин партиясы» саясий партиясы юридикалык жактарга кассалык-чыгым ордери аркылуу акча каражатын накталай төлөп беришкен, бул Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүнүдө Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 41-беренесинин 14-бөлүгүнүн бузулушу болуп саналат. КТРК телеканалындагы видеотасманын көрсөтүлүшү «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы акча каражаттарынын түзүлүшү, түшүшү жана сарпталышынын тартиби жөнүндөгү» Инструкциянын 7.4 пунктунун бузулушу менен төлөнгөн (мындан ары - Инструкция). «Бир Бол» мамлекеттик биримдик жана патриоттуулук саясий партиясында «Рубикон» жарнамалык фирмасы, «Кыргыз Мобайл» жана «Авторадио» ЖЧКсы аткарган кызматтары үчүн акы төлөөдө Инструкциянын 7.4 пунктун бузуу жагдайы катталган. Ошондой эле «Атракцион» ЖЧКсына акча которуу Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 41-беренесинин 14-бөлүгүн бузуу менен накталай төлөнгөн. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,18 беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 41,42 беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2015-жылдын 18-сентябры № 140
2015-жылдын 18-сентябрында жарыяланды |
Карап чыгуулар: (1276) |