![]() № 141 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декбарындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү тууралу |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобону жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоолорду дайындоо жана өткөрүү мөөнөттөрү жана айыл өкмөт башчысына талаптар өзгөрүлгөн “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” 2012-жылдын 3-августундагы № 149 жана 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: - 1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; - 4-пункттун экинчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: «Кылмыш жасап соттолгон Кыргыз Республикасынын жараны, соттуулугу алып салынгандыгына же жоюлгандыгына карабастан айыл өкмөт башчысы боло албайт»; - 5-пунктта: - биринчи абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: «Айыл өкмөт башчысын шайлоону Борбордук шайлоо комиссиясы жаңыдан шайланган айылдык кеңештин биринчи жыйналышынын күнүнөн 10 күндөн кечиктирбестен дайындайт»; - экинчи абзацтагы “бир жумадан кечиктирбестен” деген сөздөр “10 календарлык күндөн кечиктирбестен” деген сөздөр менен алмаштырылсын»; - төмөндөгү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: «Айыл өкмөт башчысы айылдык кеңешти чакыруунун мөөнөтү аякташына 90 календарлык күн калганга чейин ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөт башчысын жаңыдан шайланган айылдык кеңештин биринчи жыйналышына чейин дайындабайт» - 6-пунктта «25» цифра «20» цифрасы менен алмаштырылсын; - 28-пунктта экинчи сүйлөм төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: «Шайлоо бюллетенин алуу үчүн депутат айылдык кеңештин депутаттарынын тизмесине кол койот, ал алдын ала түзүлөт, аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын колу менен күбөлөндүрүлөт жана аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылып чапталат»; - 34-пункттун бешинчи абзацында “эң азы” деген сөздөр алып салынсын. 2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С. Султановго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2012-жылдын 19-ноябры № 141 |
Карап чыгуулар: (1043) |